Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

Динара Кутманова министрлик кызматтан алынды


Динара Кутманова.
Динара Кутманова.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова кызматынан бошотулганын президенттин администрациясы 15-мартта билдирди.

Президент Садыр Жапаровдун дагы бир жарлыгы менен анын ордуна Мелис Тургунбаев министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Эми анын талапкерлиги Жогорку Кеңешке сунушталат.

Мелис Тургунбаев
Мелис Тургунбаев

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ушул эле күнү жаңы жетекчини эмгек жамаатына тааныштырып, министрликтин алдында жаратылыш ресурстарын изилдөө, пайдалануу, кайра өндүрүү жана коргоо жаатында тапшырмалар турганын белгиледи.

Ал Тургунбаев бир нече чет тилдерди билерин, экономика илимдеринин доктору жана корпоративдик башкарууда чоң тажрыйбасы бар экенин айтты.

Борбор Азиядагы Америка университетинен билим алган Турганбаев буга чейин "Кыргызнефтегаз" ишканасынын башкаруу кеңешинин төрагасы болгон. Учурда ал KICB банкынын директорлор кеңешинин мүчөсү экендиги тууралуу маалымат банктын сайтында жазылган.

Динара Кутманова 2021-жылы 13-октябрда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп дайындалган. Ага чейин 2020-жылы ноябрдан баштап Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиктин директору болуп турган. Кийин бул мекеме жоюлуп, министрлик болуп түзүлгөн.

Бишкектеги жана бир катар шаардагы абанын булганышына байланыштуу Кутманованын дарегине көп сындар айтылган. 2022-жылы аткаруу бийлигинин ишин мониторинг кылууда аталган министрликке "төмөн" деген баа берилген. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG