Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:51

NYT: Кулаган дрон пландалган чалгын иштерин жүргүзүп жаткан


Су-27 жана MQ-9 Reaper, коллаж
Су-27 жана MQ-9 Reaper, коллаж

Орусиялык согуш учагы менен кагышкандан кийин Кара деңизге кулаган америкалык MQ-9 Reaper дрону Румыниядагы базадан келаткан жана план боюнча чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан.

Бул тууралуу The New York Times гезити АКШнын жогорку расмий өкүлүнө таянып жазды. Аткаминер дрон Hellfire ракеталарын ташууга кудуреттүү экенин, бирок бул жолу ракеталар менен жабдылбаганын айтты.

Маалыматка караганда, 14-мартта жабдык аннексияланган Крымдан 120 чакырым жерде миссиясын аткарып жатканда орусиялык эки согуштук учак жолун тоскон.

АКШнын улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Жон Кирби дрон эч кандай коркунуч жаратпаганын билдирди. Ал аппарат эл аралык аба мейкиндигинде болгонун белгиледи. Кирби орусиялык учактардын дрондорду курчоого алышы сейрек көрүнүш эмес экенин, бирок америкалык дрон Кара деңизге биринчи жолу кулаганын айтты.

Америкалык дрондун жок кылынышына байланыштуу Мамлекеттик департаментке Орусиянын Вашингтондогу элчиси Анатолий Антонов чакырылды.

Орусиянын Коргоо министрлиги ошол күнү кечинде орус учактары АКШнын дронуна күч колдонбогонун жана кагышпаганын билдирди. Мекеме америкалык аппарат сигнал жөнөткөн транспондери өчкөн абалда “атайын аскердик операция” жүргүзүү максатында жүргөнүн билдирди.

XS
SM
MD
LG