Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:32

ЧВК "Вагнер" жалданмаларды порнография сайттары аркылуу тартууда


Орусиянын жеке аскердик "Вагнер" компаниясынын жарнамасы Pornhub аттуу сайтына чыга баштаганын бир нече Телеграм-каналдар жазып чыгышты. Алар ушундай жарнамаларды бөлүшкөн социалдык колдонуучуларга таянышкан.

Уят сөздөрдү камтыган видеодо ЧВК "Вагнер" Орусиянын бардык аймактарынан жалданма аскерлерди тартып жатканын айтып, "порнография көрүү ордуна ЧВКга жумушка орношуу" чакырыгы менен аяктайт.

Жарнамада белгиленген телефондун номери жеке аскердик компаниясына тийиштүү экени белгиленген.

"Вагнердин" негиздөөчүсү Евгений Пригожин "компания чын эле Pornhub сайтына жарнама берди беле жана мындай жол натыйжа берип жатабы" деген суроого "Кайсы сайт экенин билбейм, бирок аны порносайтка жайгаштыруу - биздин маркетологдордун жакшы идеясы. Мен алар менен толук макулмун. Ал жарнамада порно сайтка киргендин ордуна ЧВК "Вагнерге" кирип согуш деп турат. Ким буга макул эмес?", - деп жооп берген.

“Вагнер” компаниясы бейрасмий аскердик түзүм. Анын жалданма аскерлери Украинада, Сирияда жана Африка өлкөлөрүндө жүргөнү тууралуу маалыматтар байма-бай чыгып келет. "Вагнерчилер" бир катар аскердик кылмыштарга айыпталган.

27-январда АКШ “Вагнерди” транс-улуттук кылмыштуу уюмдардын тизмесине киргизип, аскердик менчик компаниянын Орусиядагы өкүлдөрүнө жаңы санкцияларды салды. Айрым өлкөлөр “Вагнер” компаниясын террордук уюм деп тааныган.

Украинада орус армиясы жаз айларында оор жоготууларга учурагандан кийин “Вагнер” (“ЧВК Вагнер” же "Вагнер жеке аскердик компаниясы") абакта жаткандарды өз катарына кошуп, согушка жөнөтө баштаганы белгилүү болгон. Алардын катарында Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын жарандары да бар. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG