Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:15

УКМК Улуттук госпиталдын башкы дарыгери кармалганын билдирди


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Саламаттык сактоо министрлигине караштуу "М.Т.И." аттуу Улуттук госпиталдын башкы дарыгерине кылмыш иши козголгонун кабарлады.

Маалыматка караганда, ал коррупциялык схемаларды түзүүгө шек саналууда. Атайын кызмат башкы дарыгердин медицина кызматкерлеринен акча талап кылганына байланыштуу 20дан ашуун фактылар катталганын билдирүүдө.

Мамлекеттик сатып алуулар боюнча финансылык-чарбалык аудит жүргүзүлүп, медициналык багыттагы буюмдарды ашыкча сатып алуу жана кымбат баалуу дары-дармектерди эсептен чыгаруу фактыларынын бар экендиги аныкталган.

"М.Т.И практикалык дарыгер болуп туруп, жеке кызыкчылыгын көздөп, бөлүм башчыларына жана дарыгерлерге адам чыдагыс шарттарды түзүп, бейтаптардан системалуу түрдө акча алууга жана ага акча которууга мыйзамсыз мажбурлап, бир жолку реквизицияларды жүргүзгөн. 2022-жылдын октябрь айында иммуномодуляциялоочу дары-дармектерди (төмөн жана жогорку дозада интерферон, окрелизумаб жана ритуксимаб) жеткирүү боюнча тендердин жыйынтыгы боюнча жеңүүчү компания ашыкча баада жеткирилген, анын натыйжасында бюджет 36 млн. 205 миң 791 сом зыян тарткан", - деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, шектүү дары-дармек сатып алууда мыйзамсыз келишим түзгөн, мунун айынан өлкө бюджети жалпысынан 40 млн. сомдон ашык зыян тарткан.

"Стерилдүү эмес медициналык кол каптардын бир пакетинин рыноктук чекене баасы 500 сомдон ашпайт, аларды бир пакетке 1200 сомдон, 5 млн. 356 миң сомго сатып алган", - дейт УКМК.

Учурда башка коррупциялык фактыларды, ошондой эле жогоруда аталган схемаларга тиешеси бар кызмат адамдарын жана башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

Улуттук госпиталды Токтобай Маанаев жетектеп келген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG