Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:54

Остин: Орусия Экинчи дүйнөлүк согуш маалындагы техниканы колдонууга аргасыз


Украиналык аскер Бахмут шаарындагы кармаш маалында. 15-март, 2023-жыл
Украиналык аскер Бахмут шаарындагы кармаш маалында. 15-март, 2023-жыл

Украин куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы 16-мартта билдиргендей, Бахмутта жана анын айланасындагы позицияларга орус аскерлери бир нече жолу чабуул койду.

Орусия жоготууларына карабай, Орехово-Васильевка, Богдановка, Бахмут багыттарында “көптөгөн чабуул” коюп келатканы жана ал шаарды курчоого аракет көргөнү күндөлүк бюллетенде айтылат. Маалыматка караганда, акыркы 24 саатта Донецк облусунун Лиман, Авдеевка, Мариинка жана Шахтерск шаарлары кирген аймак 75тен ашуун чабуулга туш болду.

Ал арада Пентагондун басма сөз катчысы генерал Пэт Райдер Украинанын чыгышындагы кармаштар үчүн алдыдагы айлар чечүүчү болорун эскертти.

АКШнын коргоо министри Ллойд Остин Рамштайн тобунун онлайн жыйынында тогуз мамлекет Украинага 150 даана Леопард танктарын берүүгө даяр деп билдирди.

“Орусия Ирандан жана Түндүк Кореядан көз каранды болуп калды. Экинчи дүйнөлүк согуш маалындагы техниканы колдонууга аргасыз. Орусиянын мүмкүнчүлүктөрү жана достору азайып жатат”, - деп айтты Пентагондун башчысы.

АКШнын Биргелешкен штабдар командачылыгынынын башчысы, генерал Марк Милли ошол эле жыйында орус аскерлери чакан тактикалык алга жылууга жетишкенин, бирок анын “баасы жогору” болгонун айтты. Генерал Орусиянын аскердик жетекчилиги аскерлерин колго салып бергенин, алардын курал-жарак запастары тез түгөнүп жатканын кошумчалады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG