Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:13

Бишкек-Ош жолунда автоунаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет


Кар көчкүнү атайылап атып түшүрүү иштери. Сүрөт ӨКМге таандык.
Кар көчкүнү атайылап атып түшүрүү иштери. Сүрөт ӨКМге таандык.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдиргендей, Бишкек-Ош жолунун айрым тилкелеринде 16-21-марттын аралыгында кар көчкүнү атайылап атып түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Автоунаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.

Кар көчкү мажбурлап түшүрүлө турган тилкелер:

  • Бишкек-Ош жолунун 132-135-чакырымы (Чүй облусунун Жайыл району – "Төө-Ашуу");
  • 198-чакырымы (Чүй облусунун Жайыл району);
  • 209-255-чакырымы (Жалал-Абад облусунун Токтогул району – "Ала-Бел" ашуусу).

ӨКМ жолдогу чектөөлөргө байланыштуу айдоочуларга кайрылып, абалды түшүнүү менен кабыл алууга чакырды.

Кырсык катталган учурда жана жолдогу абал боюнча "112" бирдиктүү номуруна чалууга болот.

Кыргызгидромет борбору 19-мартка чейин аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолундагы ашууларда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөрүн билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG