Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:19

Казакстан массалык башаламандыкка чакыргандарга жазаны күчөттү


Казак президенти Касым-Жомарт Токаев.
Казак президенти Касым-Жомарт Токаев.

Казакстанда парламенттик шайлоого эки күн калганда президент Касым-Жомарт Токаев массалык башаламандыкка чакыргандарга каршы жазаны күчөткөн мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Акордо 16-мартта билдирди.

Ага ылайык, өлкөдө массалык башаламандыкка чакырган адамдар мурдагыдай 3 эмес 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Мындай чакырыкты телекоммуникация каражаттары аркылуу жасагандар 7 жылга чейин абакка кесилиши ыктымал.

Өзгөртүлгөн мыйзамдарга ылайык, кылмыштуу топтун курамында жасалган бейбаштыкка баргандар 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратыла турган болду. Бул беренелер менен соттолгон адамдар шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулбайт.

19-мартта Казакстанда парламенттин төмөнкү палатасына шайлоо өтөт. Өлкөдө былтыр январь айындагы ири нааразылык акциялары жана башаламандыкта кеминде 238 адамдын өмүрү кыйылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG