Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Инвестициялар агенттиги аймактарда 140 долбоор ишке ашып жатканын билдирди


Илюстрациялык сүрөт.
Илюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын аймактарында ар кандай этаптарда 2 млрд. 190 млн. 927 миң долларды түзгөн 140 долбоор ишке ашырылууда. Бул тууралуу 17-мартта президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктиктин директорунун орун басары Нурадил Баясов парламенттеги "Ишеним" фракциясынын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, долбоорлордун каржылоо булактары катары аймактарды өнүктүрүү фонддору, тике жана ички инвестициялар эсептелет.

"Анын ичинен 117 долбоор өндүрүш тармагында, 11 долбоор энергетика тармагында, 12 долбоор айыл чарба тармагында. Акыркы беш жылда Улуттук агенттик 165,7 млн. долларлык инвестициялык долбоорлорду ишке ашырды".

Баясовдун белгилешинче, 2022-жылы өнөр жай тармагына 5 млн. 334 миң долларлык инвестиция тартылган. Башка тармактарга инвестициялык паспорттор даяр экени айтылды.

Маалыматка караганда, долбоорлордун басымдуу бөлүгү Чүй облусунда – 65 долбоор, 17си Баткен облусунда, 15и Ошто, 14ү Жалал-Абадда, 12си Ысык-Көлдө, 8и Бишкек жана Ош шаарында, 6 долбоор Нарын облусунда, үчөө Талас облусунда ишке ашырылууда.

Депутаттар инвестиция тартып, жаңы ишканаларды ачуу, жумуш орундарын көбөйтүү, инвесторлорго жагымдуу шарт түзүү маанилүү экенин белгиледи. "Ишеним" фракциясынын лидери, эл өкүлү Улугбек Ормонов медицина тармагына, трансплантологияга инвестиция салуу зарыл деп эсептейт.

"Канчалаган жарандар чет өлкөгө операция жасатуу үчүн кетип жатышат, клиниканын курулушу жарандарга авиакаттамдарды үнөмдөөгө мүмкүндүк бермек", - деди ал.

Расмий маалыматка караганда, түз инвестициянын көлөмү 4% көбөйгөн. Ал эми инвестициянын Кыргызстандан чыгып кетиши (отток) 3% төмөндөгөн. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG