Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:27

"Өкмөттүк акселераторлор" программасы ишке кирди


Кыргызстанда "Өкмөттүк акселераторлор" программасы ишке киргизүү учуру. 17-март, 2023
Кыргызстанда "Өкмөттүк акселераторлор" программасы ишке киргизүү учуру. 17-март, 2023

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Бириккен Араб Эмираттарынын Министрлер кабинетинин атаандаштык жана тажрыйба алмашуу боюнча министринин орун басары, Атаандаштык боюнча кеңештин төрагасы Абдулла Нассер Лута "Өкмөттүк акселераторлор" программасын ишке киргизүүнү баштады.

Биринчи этапта 100 күн ичинде үч багыт боюнча долбоорлор ишке ашырылат:

  • Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды азайтуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу;
  • Электромобилдер үчүн электр станцияларын орнотууга уруксат алууну жөнөкөйлөтүү;
  • Экспертизадан, кайра кароодон өтүүнүн, майыптуулук фактысын белгилөөнүн тартибин жөнөкөйлөтүү.

"Өкмөттүк акселераторлор" программасы - Бириккен Араб Эмираттарынын өкмөтү иштеп чыккан реформанын атайын механизми болуп саналат. Ага ылайык мамлекеттик органдар 100 күндүн ичинде көйгөйлөрдү чечип, коюлган максаттарына жетиши керек.

Майыптыгы бар адамдардын саламаттыгын жана социалдык статусун тастыктоочу аймактардагы жана борбордук МСЭК бөлүмдөрү тууралуу нааразылык айтылып келет. Айрыкча, жаш балдардын майыптыгын ырастоо жыл сайын өткөрүлүп, ата-энелер бир топ чыгымга учурап, моралдык жактан да кыйналышарына даттануулар көп айтылат.

Расмий статистикага ылайык, Кыргызстанда 200 миңден ашуун майыптыгы бар адамдар жашайт. Алардын отуз миңден ашууну балдар.

Тубаса жана кийин майып болгондордун айрымдары жылына, кээ бири 2-5 жылда майыптыгын далилдеп, медициналык-социалдык экспертиза тастыктама бермейинче мамлекеттен жөлөк пул ала алышпайт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG