Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:02

Беларуста TUT.by басылмасынын эки кызматкери узак мөөнөткө кесилди


Марина Золотова менен Людмила Чекина сот залында. 17-март, 2023-жыл.
Марина Золотова менен Людмила Чекина сот залында. 17-март, 2023-жыл.

Беларуста сот TUT.by басылмасынын мурдагы башкы редактору Марина Золотова менен "Тут Бай Медиа" компаниясынын директору Людмила Чекинаны узак мөөнөткө абакка кести. Бул тууралуу «Весна» укук коргоо борбору билдирди.

Эки аялга тең Кылмыш кодексинин бир нече беренеси, анын ичинде мамлекеттик бийликти басып алууга ачык чакырык жасаган жана ажырымга түрткөн материалдарды тараткан деген кине коюлду. Чекинага салыкты жашырган деген да айып кошулду. Сот алардын ар бирин 12 жылдан кести.

TUT.by сайты 2020-жылга чейин Беларуста эң таанымал көз карандысыз жаңылыктар басылмасы болгон. Басылма 2020-жылкы президенттик шайлоодон кийин Александр Лукашенкого каршы элдик толкундоону кеңири чагылдырган.

Авторитардык бийлик элди күч менен баскан соң TUT.by басылмасына каршы кылмыш иши ачылган. Көп өтпөй сот сайтты "эксремисттик" деп тапкан. Анда иштеген журналситтер азыр Zerkalo.io. деген сайт негиздешкен.

Буга чейин сот Беларус журналисттеринин ассоциациясын “экстремисттик уюмдардын” тизмесине киргизди. Бирикме өлкөдөгү сөз эркиндиги жана маалымат каражаттарынын укуктары бузулган учурларга мониторинг жүргүзчү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG