Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:40

Казакстандагы шайлоо: талапкердин үчтөн бири мурдагы "Нур Отандан"


Казакстанда 19-мартта мөөнөтүнөн мурун парламенттик шайлоо өтөт.
Казакстанда 19-мартта мөөнөтүнөн мурун парламенттик шайлоо өтөт.

Казакстанда 19-мартта парламенттин төмөнкү палатасы – Мажилиске​мөөнөтүнөн мурун парламенттик шайлоо өтөт.

Бул ирет Акордо талапкерлерге бир мандаттуу округдардан шайланууга мүмкүнчүлүк берип, муну “саясий мейкиндикти либералдаштыруу” менен түшүндүрүүдө. Деген менен серепчилер “өтө турган шайлоо жасалма, шайлоону көзөмөлдөө жана добуштарды саноо дагы эле бийликтин колунда” экенин айтышууда.

Казакстанда парламенттик шайлоого эки күн калганда президент Касым-Жомарт Токаев массалык башаламандыкка чакыргандарга каршы жазаны күчөткөн мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Акордо 16-мартта билдирди.

Ага ылайык, өлкөдө массалык башаламандыкка чакырган адамдар мурдагыдай 3 эмес 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Мындай чакырыкты телекоммуникация каражаттары аркылуу жасагандар 7 жылга чейин абакка кесилиши ыктымал.

Өзгөртүлгөн мыйзамдарга ылайык, кылмыштуу топтун курамында жасалган бейбаштыкка баргандар 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратыла турган болду. Бул беренелер менен соттолгон адамдар шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулбайт.

19-мартта Казакстанда парламенттин төмөнкү палатасына шайлоо өтөт. Өлкөдө былтыр январдагы ири нааразылык акциялары жана башаламандыкта кеминде 238 адамдын өмүрү кыйылган.

Жети саясий партия ат салышат

Өлкөнүн жаңы мыйзамдарына ылайык, Мажилистин депутаттарынын 70% партиялык тизме менен, ал эми 30% бир мандаттуу округдардан шайланат.

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого жети саясий партия катталганын билдирди. Алардын экөө былтыр катталган "Республика" жана "Байтак" партиялары.

Талапкерлердин үгүт баракчалары, Алматы. 3-март, 2023-жыл.
Талапкерлердин үгүт баракчалары, Алматы. 3-март, 2023-жыл.

Партиялык тизме менен жалпысынан 283 талапкер көрсөтүлгөн. Үчтөн бири буга чейин "Нур Отан", былтыр аты "Аманат" болуп өзгөргөн партиянын мүчөлөрү экени айтылууда.

Ал эми Мажилиске бир мандаттуу округдар боюнча 609 талапкер көрсөтүлгөн.

"Декларациясы талапка жооп бербейт"

Деген менен шайлоо өнөктүгү учурунда бир мандаттуу округдарга катталган талапкерлер четтетилген учурлар да байма-бай катталууда. Алсак, 6-мартта Батыш Казакстан облусунун аймактык шайлоо комиссиясы Мамлекеттик киреше департаментинин "кирешелери тууралуу декларациясы талапка жооп бербейт" деген жүйө менен Алпамыс Камалов жана Нурлан Каринди талапкерликтен четтетүү чечимин чыгарган.

"КИТ-Холдинг" ишканасынын директору Алпамыс Камалов 12 жыл мурун кимдир бирөөлөргө берген карызынан улам каттоодон чыгып калганын "Азаттыктын" казак кызматына билдирген.

Ал "Мамлекеттик орган документтерди бурмалап, атайылап тоскоолдук кылып жатат, анткени декларацияда 2022-жылга карата маалымат гана камтылган" деген.

Ал эми казакстандык ишкер Нурлан Карин анын эсебиндеги баалуу кагаздардан кабарсыз экенин, мындан улам талапкерлиги каттоодон өтпөй калганын айтат.

"Мен эсебимди текшердим. Баалуу кагаз боюнча эч кандай маалымат жок. Жетекчиликке кайрылдым, кээ бир маалыматтар чаташып калышы мүмкүн дешти. Бирок аймактык шайлоо комиссиясы бул жалган маалыматтын негизинде мени каттоодон чыгарды. Балким, алар өз ара макулдашкандыр",- дейт Карин.

Сот 11-мартта Алпамыс Камаловдун талапкерлигин кайра каттоодон өтүүгө уруксат берген.

Буга чейин онго жакын казакстандык талапкер жергиликтүү сотко кайрылганы менен эч кандай майнап чыкпаганын айтып келишет.

Сотко талапкерлерден 166 арыз түшкөн

Ал арада 17-мартта БШКнын мүчөсү Асылбек Айжарыкулы шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө соттун кароосуна талапкерлерден 166 арыз түшкөнүн кабарлады. Алардын 55и Жогорку Сотко, 104ү райондор аралык административдик сотко, 7си райондук сотко түшкөнү айтылды. Арыздардын 49у гана канааттандырылган.

Айжарыкулы айрыкча талапкерлердин мүлк салыгы боюнча декларациясы боюнча объективдүү чечим кабыл алынганын айтты.

"Декларациядагы маалыматтардын тууралыгын мамлекеттик киреше органдары аныктайт. Алардын жыйынтыгы боюнча округдук шайлоо комиссиясына тиешелүү шарттарды жөнөтүшөт. Округдук шайлоо комиссиялары текшерүүнүн жыйынтыгына таасир эте албайт", - деди БШКнын мүчөсү.

Kандидаттардын үгүт баракчалары. Алматы, 3 март 2023 жыл.
Kандидаттардын үгүт баракчалары. Алматы, 3 март 2023 жыл.

Бул ирет казак бийлиги талапкерлерге бир мандаттуу округдардан шайланууга мүмкүнчүлүк берип, муну "саясий мейкиндикти либералдаштыруу" менен түшүндүрүдө. Деген менен серепчилер "өтө турган шайлоо жасалма, шайлоону көзөмөлдөө жана добуштарды саноо дагы эле бийликтин колунда" экенин айтышууда.

Казакстандык саясат таанучу Димаш Алжанов "Азаттыкка" берген маегинде, "оппозициячыл" делген партиялар деле бийликтин иммитациясы экенин баса белгилейт.

"Бул партиялар президенттик администрациянын продукциясы. "Нур Отан", "Ак жол" жана Казакстан элдик партиясынан бир нерсе алдыкпы? Жаңы катталган "Республика", "Байтак" партиялары деле көп партиялуулукту, жаңыланууну көрсөтүү үчүн гана түзүлгөн.

Алар Токаевдин позициясын ишенимдүү адамдардын чөйрөсү аркылуу бекемдегиси келет. Токаев бул партиялардын лидерлерин "сыйлаган". Алар президентке жакын адамдар. Партиялардын саясий көп карандысыздыгы жок, башкача айтканда, алар саясаттын өзүнчө субъектиси боло албайт" дейт казакстандык серепчи.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен экс-президент Нурсултан Назарбаев. 23-апрель, 2019-жыл.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен экс-президент Нурсултан Назарбаев. 23-апрель, 2019-жыл.

Казакстанды чейрек кылымдан ашуун бийлеген Нурсултан Назарбаевдин "Нур Отан" партиясы ондогон жыл бою шайлоодон утуп чыгып, коңшу өлкөнүн саясатында үстөмдүк кылган башкаруучу күч болчу. Былтыркы кандуу Январь окуяларынан кийин партиянын тизгини Токаевге тийип, саясий кеңеши өзгөрүп, экс-президенттин жакындары жаңы курамга киргизилген эмес.

Казакстанда соңку парламенттик шайлоо 2021-жылы өткөн жана анда "Нур Отан" (азыркы "Аманат"), "Ак жол" жана Казакстан элдик партиясы уткан. Бул үч партия тең ага чейинки парламенттин үч чакырылышында тең шайланып келген.

Бирок батыш байкоочулары Казакстанда 1991-жылдан бери өткөн шайлоолордун бирин да эркин жана адилеттүү өттү деп тааныган эмес.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG