Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:00

Бажычылар иши: Ташиев Зулушевдин кайниси кармалганын ырастады


Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев коррупцияга шек саналып кармалган бажы кызматкерлеринин арасында башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кайниси да бар экенин бышыктады. Анын бул факт тууралуу комментарий берген видеосу социалдык тармактарга жарыяланды. Анда Зулушев экөөнүн ортосунда кандайдыр бир пикир келишпестик жоктугун белгилеген.

“Мени менен Курманкул Зулушевдин ортосунда эч кандай пикир келишпестик жок. Биз мыйзам чегинде, өз милдеттерибиздин негизинде иш алып барып жатабыз. Биз эки күндөн бери бажыдагы чоң коррупциялык схеманын бетин ачтык. Анын негизинде сегиз адамды кармадык. Алар бажыда иштегендер, жүктөрдү каттагандар жана жүк ташыгандар. Кытайдан Өзбекстанга жүк ташып өткөргөндө чоң коррупциялык схема иштеп турган. Бюджетке алдын ала эсепке ылайык бир миллиард сомдун тегерегинде зыян келтирилген. Кармалгандардын арасында Зулушевдин бир тууган кайниси бар экени чындык. Бул ишке башкы прокурордун эч кандай тиешеси жок”,- деген Ташиев.

Курманкул Зулушев кайнисинин кармалганы тууралуу комментарий бере элек.

УКМК 18-мартта Бажы кызматынын алты жооптуу кызматкери жана жеке компаниянын үч өкүлү коррупцияга шек саналып кармалганын билдирген. Атайын кызмат тараткан маалыматта алар Кытайдан эл керектеген товарларды мыйзамсыз ташып келген туруктуу канал уюштуруп алганы жазылган.

Он күн мурда Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков кыргыз-кытай чек арасындагы "Эркечтам" жана "Торугарт" бекеттери аркылуу жүк ташыган жаңы компаниялардын монополиясы, коррупция тууралуу дооматтарды жокко чыгарган.

Бажы кызматы былтыр 74,3 миллиард сом бажы төлөмдөрүн чогултуп, коюлган планды ашыгы менен аткарганын билдирген. Самат Исабеков анда экспорт-импорт ишин көзөмөлдөөдөн тейлөө форматына өтүп, бажылык тариздөө ишинде коррупциялык көрүнүш толук жоюлганын айткан. Бажыда паракорчулук толук токтоду деген билдирүү коомдо талкуу жараткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG