Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:57

Орок айыл өкмөтүнүн катчысы жер тилкесин мыйзамсыз каттоого шектелип кармалды


Иллюстрациялык сүрөт. Бишкектеги жаңы конуштардын бири. 2022-жыл.
Иллюстрациялык сүрөт. Бишкектеги жаңы конуштардын бири. 2022-жыл.

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Орок айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы жер тилкелерин мыйзамсыз каттоого жана бөлүп берүүгө шектелүүдө. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Расмий маалыматка караганда, шек саналып кармалган жооптуу катчынын жашаган үйү тинтүүгө алынган. Анын натыйжасында жазуучу машина, жер тилкелерин бөлүп берүү боюнча даяр чечимдер, эски үлгүдөгү Орок айыл өкмөтүнүн жана Сокулук архитектура жана шаар курулуш башкармалыгынын мөөрү басылган А-4 үлгүсүндөгү кагаз жана башка буюмдар табылганы кабарланды.

Кылмышка шектүү Орок айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.А.М. атайын кызматтын убактылуу тергөө абагына киргизилген. Учурда расмий документтерди мыйзамсыз даярдаган каналдын башка катышуучуларын аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатканы айтылат расмий маалыматта.

Марттын башында УКМК Жер тилкелерин берүүдөгү коррупциялык иштерге шек саналып “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Сокулук районундагы бөлүмүнүн кызматкерлери жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалганын кабарлаган.

Мекеменин маалыматында, “Кадастрдын” кызматкерлери документтерди мыйзамсыз жасаган жана бул ишке уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү да аралашканы аныкталган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG