Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:18

Бишкекте “Кыргызстан-БАЭ” ишкерлер форуму өтүп жатат


"Кыргызстан-БАЭ" форуму. 20-март, 2023-жыл. Бишкек
"Кыргызстан-БАЭ" форуму. 20-март, 2023-жыл. Бишкек

Бишкекте Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) ири ишканалары катышкан бизнес-форум өтүп жатат. Ага саламаттыкты сактоо, туризм, курулуш, товарлардын экспорт-импорту жана тамак-аш, косметика, меймандостук, акыркы инженердик жана технологиялык чечимдер, электр техникасы сыяктуу тармактардагы БАЭнин 20дан ашык алдыңкы компанияларынын өкүлдөрү катышууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, иш-чаранын алкагында Кыргызстан менен БАЭнин ортосундагы логистикалык жана банктык операциялар боюнча талкуулар жүргүзүлүп, ал жактан келген ишкерлер ата мекендик өндүрүш менен таанышты.

Форумду Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин көмөгү менен Соода-өнөр жай палатасы жана БАЭ биргелешип уюштурган.

Палатанын жетекчиси Темир Сариев бул эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы төртүнчү форум экенин белгиледи.

2022-жылга карата Кыргызстан менен БАЭ ортосундагы товар жүгүртүү 125 миллион АКШ долларын түздү. Бул 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 80% көп. 2022-жылга карата БАЭге экспорт 101 миллион долларды түзүп, мурдагы жылга салыштырмалуу 84% көбөйгөн. Былтыр импорт 25 миллион долларды түзүп, 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 66% жогорулаган.

2022-жылы 30-октябрда Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарына иш сапары менен барган. Анда Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) өкмөттөрү уставдык капиталы 100 миллион долларлык биргелешкен холдинг компаниясын түзүүнү макулдашкан.

Холдинг Абу-Даби Өнүктүрүү фонду менен 1 миллиард 200 миллион АКШ долларына чейинки ар кандай коммерциялык өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашырууга багытталат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG