Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:00

21-марттын аба ырайы


Ош шаары.
Ош шаары.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 20-21-мартта түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында үшүк жүрүшү мүмкүн. Мындай үшүк өрүктүн бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө, данектүү мөмө бактарынын эрте сортторуна коркунуч келтирет.

21-мартка караган түнү Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда, Талас облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18,

Таласта түнкүсүн 1…6, күндүз 10…15,

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 7…12, күндүз 19…24,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…+2, күндүз 10…15,

Нарында түнкүсүн -3…-8, күндүз 8…13,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23, күндүз 0…-5

Бишкекте жамгыр жаабайт. Абанын температурасы түндөсү 1…3°, күндүз 13…15° градус болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG