Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:10

Болот Темиров: Мага каршы иште Конституция да бузулганын көрүүдөбүз


Болот Темиров.
Болот Темиров.

Өлкөдөн чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темиров бузулган укуктарын коргоо үчүн күрөшүн улантарын 19-мартта “Арча Медиа” телеканалына курган маегинде билдирди. Ал жактоочулары менен Кыргызстандын бардык мыйзамдарын изилдеп, кош жарандык деген негизде өлкөдөн чыгарууга негиз болбогонун аныктап чыкканын айтты:

“Биздин адвокаттар ошондой чечим барбы деп сурашкан. Андай чечим жок экен, себеби депортация тууралуу чечимдин уландысы деп эсептелет экен мыйзам боюнча. Ошондуктан негизги ишке жана депортация тууралуу чечимге каршы арыз берилет. Мыйзамдарды карап чыгып, Конституциянын нормалары да бузулганын көрүп жатабыз. Прокурор кош жарандыкка тыюу салынганын айткан, бирок ал бурмалоо болчу, себеби биздин Конституция башка да жарандыкка ээ болууга уруксат берет”.

Журналистке маңзат сактоо, чек арадан мыйзамсыз өтүү жана документ жасалмалоо деген үч айып тагылган.

Былтыр ноябрда Бишкектин Свердлов райондук соту аны маңзат жана чек ара айыптары боюнча актап, документке (паспорт) байланыштуу айыптуу деп тапкандан кийин ал дароо Кыргызстандан Москвага мажбурлап жөнөтүлгөн.

Ички иштер министрлиги Темировдун депортацияланышын "Анын Кыргызстандан мыйзамсыз алган паспорту жараксыз деп табылганы, Орусиянын жараны болгону үчүн чыгарылды" деп түшүндүргөн.

2022-жылдын январь айында Темировдун Ютубдагы Temirov LIVE каналына жемкорлук тууралуу иликтөө жарыяланып, анда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Ташиевдин аты аталган.

Ошол эле күнү Ташиев журналисттерге брифинг уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айткан.

Күч органдары жана прокуратура журналистке каршы иш мыйзам чегинде козголгонун, иликтөө талапка ылайык жүргүзүлгөнүн айтып келишет.

Темиров жемкорлукту ашкерелегени үчүн саясий куугунтукка кабылып келатканын бир катар эл аралык уюмдар белгилөөдө. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG