Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:02

Орусиянын Краснодар аймагындагы көрүстөнгө "Вагнер" жалдаган адамдардын сөөгү коюлду


Орусиянын башка аймактарындагы "вагнерчилердин" көрүстөнү.
Орусиянын башка аймактарындагы "вагнерчилердин" көрүстөнү.

Краснодар аймагынан 50 чакырым алыстагы Горячий Ключ шаарында жекшемби күнү "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын Украинада каза болгон жалданма аскерлеринин сөөгү жерге берилди. Бул тууралуу The Insider басылмасы жергиликтүү Телеграмм-каналдарга шилтеме кылып жазды. Буга чейин жергиликтүү бийлик мындан ары "вагренчилерди" аймактагы көрүстөндөргө көмүүгө тыюу салууга аракет кылган. Алар көрүстөн толуп калганын жүйө келтиришкен. "Вагнердин" негиздөөчүсү Евгений Пригожин жергиликтүү администрация менен бул маселеде катуу талашкан.

Горячий Ключ шаарынын башчысы Сергей Белопольский 18-мартта "вагрнерчилердин" көрүстөнү абдан көбөйүп кеткенин ырастады. Ал курорттук шаарды жапырт көрүстөнгө айландырбоо керектигин билдирген.

Пригожин шаар жетекчилигине каршы "чара көрүлөт" деп жооп берген. Ал Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володинге, Орусиянын баш прокурору Игорь Красновго кайрылып, маселеге кийлигишүүнү талап кылган.

19-мартта Краснодардагы Баку (Бакинская станица) кыштагындагы көрүстөнгө Украинадагы согушта каза болгон "вагнерчилер" көмүлгөн. Евгений Пригожин бул көрүстөнгө көзү тирүүсүндө керээз айтпаган жалданма жоокерлер коюлган. Ал жерде кеминде 400 мүрзө бар.

Орусияда жеке менчик аскер компаниясынын ишмердүүлүгүнө мыйзам тыюу салат. Бийлик "Вагнердин" аскерлерин расмий түрдө ыктыярчы деп атайт. Укук коргоочулардын айтымында, "Вагнер" Орусияда абактарда отурган он миңдеген адамды Украинага каршы согушка тарткан.

18-мартта Орусияда жалданма согушкерлер менен ыктыярчыларга көлөкө түшүргөндөр жана алар тууралуу жалган маалымат тараткандар үчүн кылмыш жоопкерчилигин караган мыйзам күчүнө кирди. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG