Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:11

Запорожьеде көп кабаттуу үйгө ракета тийди


Запорожье шаарына урулган соккудан кийин тартылган сүрөт.
Запорожье шаарына урулган соккудан кийин тартылган сүрөт.

Орус армиясы Украинанын Запорожье шаарына 22-мартта ракеталык сокку урду. Ал көп кабаттуу турак жайга тийгенин, өрт чыгып, коңшу үйдүн кабаттарынын бирине өткөнүн "Настоящее время" телеканалы кабарлады.

Шаардык кеңештин катчысы Анатолий Куртев 18 адам жабыркаганын, алардын экөө балдар экенин билдирди. Ооруканага түшкөн 11 кишинин төртөө оор абалда.

Сокку урулганын Украина президентинин иш башкармалыгынын жетекчиси Андрей Ермак тастыктап, ракеталар турак жайларга жана Хортица аралына тийгенин айтты.

Ракета көп кабаттуу үйгө тийген учурду "Реал Запорожье" Телеграм-каналы жарыялады. Маалыматка караганда, дагы бир жарылбаган ракета ошол үйдүн чатырына тыгылып калган.

Шаршембиге караган түнү орус күчтөрү Украинанын бир нече аймагына чабуул жасаганда кеминде үч жай тургун каза болгонун өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы кабарлаган. Расмий билдирүүдө Орусия ирандык дрондор менен кол салганын, алардын 16сы атып түшүрүлгөнү айтылат.

Киевде жана бир катар аймактарда түн жарымында бир нече саатка созулган аба чабуулу тууралуу эскертүү жарыяланган. Түндүктөгү Житомир облусунда учкучсуз учактын чабуулунан инфраструктуралык объект зыянга учураганын жергиликтүү администрациясынын башчысы Виталий Бунечко кабарлады.

Башкы штабдын маалыматына караганда, украин күчтөрү акыркы 24 саатта 114 чабуулдун мизин кайтарды. Бахмут шаарын көзөмөлгө алуу үчүн салгылашуу уланып жатат.

21-мартта Орусиянын Су-35 согуштук учактары Кара деңизден Одессага чабуул койгон. Андан үч адам жабыркап, алардын бири ооруканага жаткырылганын Башкы прокуратура маалымдады.

"Азаттык" радиосунда согуш учурундагы маалыматтарды көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүнчүлүгү жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG