Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:08

Бишкек шаардык соту “Азаттыктын” банк эсеби боюнча арызын канааттандырган жок


Бишкек шаардык соту "Азаттыктын" банк эсептеринин бөгөттөлүшүнө байланыштуу арызын канааттандырган жок. Мындай чечимди ишти жабык режимде караган соттук коллегия 23-мартта кабыл алды. Маалыматка ылайык, былтыр 21-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Ички иштер министрлигинин кайрылуусунун негизинде "Азаттыктын" "Демирбанктагы" эсебин камакка алуу чечимин чыгарган.

ИИМ сотко кайрылуусуyна негиз катары 2021-жылы Кылмыш кодексинин 222-беренеси ("Кылмыштуу кирешени адалдоо") боюнча козголгон ишти көрсөткөн. Бирок ал кылмыш ишинде "Азаттык" кандай макамда өтүп жатканы Ички иштер министрлиги "жашыруун грифи" бар деген негизде ушул күнгө чейин маалымат бербей келет.

Биринчи Май райондук соту "Азаттыктын" банк эсебин камакка алуу чечимин кабыл алганы менен бул тууралуу радиого эч кандай расмий маалымат берген эмес. Мындан улам "Азаттыктын" юристтери райондук сот кабыл алган чечимдин үстүнөн даттанууга мөөнөтүн калыбына келтирүү өтүнүчү менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Сот жактоочулардын бул арызын канааттандырган жок. "Азаттыктын" адвокаты Нурбек Сыдыков соңку жагдайды "Азаттыктын" укугун бузуу деп атады:

“2022-жылы 21-декабрда эсеп бөгөттөлүптүр. Ал учурда "Азаттыкка" жана расмий өкүлдөрүнө сот да, ИИМ да расмий маалымат бербей койгон. Мыйзам боюнча соттун чечими чыккан соң бир айдын ичинде шаардык сотко даттанууга болот. Бирок ал мөөнөттү райондук соттун чечимин 2-мартта гана ала алдык. Андан соң ушул укукту калыбына келтирүү арызыбызды шаардык сотко кайрылсак бүгүн мыйзамсыз чечим чыгарып койду”,-деди.

Былтыр 31-октябрда “Азаттык Медианын” “Демирбанктагы" банк эсебине бөгөт коюлганы белгилүү болгон. Ал учурда Финансылык чалгын кызматы банк эсеби эмне үчүн бөгөттөлүп турганын түшүндүрүп, “Азаттык Медиа” “Кылмыштуу кирешени адалдаштырууга катышы бардыгы тууралуу маалымат бар адамдардын, топтордун жана уюмдардын тизмесине” киргизилгенин жарыялаган. Былтыр декабрда Финчалгын кызматы атайын текшерүүдөн кийин буга чейинки шектенүүлөр аныкталбай, "Азаттыктын" "Кылмыштуу кирешени адалдоого шек саналгандардын тизмесинен" чыгарылганын расмий жарыялаган. Буга карабай "Азаттыктын" банк эсептери ачылбай келет.

Бул Ички иштер министрлиги тергеп жаткан кылмыш ишке байланыштуу экенин расмий органдар кабарлаган. Аталган кылмыш иши, андагы "Азаттыктын" юридикалык статусу боюнча эч кандай маалымат берилген эмес.

"Азаттык" радиосунун жетекчилиги укук коргоо органдарынын бул аракетин мыйзам бузуу жана маалымат каражатынын ишмердигине атайлап тоскоолдук катары атаган.

Буга чейин бир нече эл аралык уюмдар, саясатчылар жана Кыргызстандык жүздөгөн ишмерлер "Азаттыктын" чектөөсүз иштешин талап кылып, бийлик органдарына кайрылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG