Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:36

УКМК Аксыда пара талап кылган РЭСтин кызматкери кармалганын маалымдады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облусунда Аксы райондук электр станциясынын кызматкери опузалап пара алууга шек саналып кармалган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Расмий маалыматта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы Аксы райондук электр станциясынын кызматкерин пара менен кармаганы айтылат.

"Ыкчам-тергөө амалдарынын жыйынтыгында Аксы районунун РЭСинин кассир-текшерүүчүсү 1997-жылы туулган Т.А.А. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Аксы районун тургуну А.Э.А.нын электр-эсептегичти алмаштырбагандыгы үчүн административдик жоопко тартуу менен коркутуп, пара талап кылып, сыйакы алып жатканы билинди. Кылмышка шектүү Т.А.А. 25-мартта 18 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалып, Жазык кодексинин 251-беренеси боюнча (Кызматчынын сый акыны мыйзамсыз алуусу) катталды", - деп билдирет УКМК

Азыркы учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда деди аталган мекеме. (BCh)

XS
SM
MD
LG