Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:14

Талас: мыйзамсыз диний ишмердүүлүккө шек саналгандар кармалганы кабарланды


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Талас облусунда мыйзамсыз миссионердик ишмердүүлүккө шек саналып Словакия мамлекетинин эки жараны кармалганын билдирди.

“26-мартта Словакиянын С.Д. жана Э.Э. аттуу жарандары мыйзамсыз миссионердик ишмердүүлүгүн активдештирүү максатында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын уруксаты жок Талас шаарынын тургундарын Рим католик чиркөөсүнүн идеологиясына үгүттөшкөн”, – деп айтылат атайын кызматтын маалыматында.

Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси «Мыйзамсыз диний топту уюштуруу») боюнча кылмыш иши ачылган. Чет өлкөлүк жарандарга эскертүү берилип, административдик айып салынды.

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, өлкөдө тыюу салынбаган диний уюмдар ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан уруксат алууга тийиш. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG