Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:26

Иранда хижаб кийбегендер 60 миң доллар төлөөгө милдеттендирилет


Хижаб кийүүдөн баш тарткан кыздар. Иран, 23-март, 2023-жыл.
Хижаб кийүүдөн баш тарткан кыздар. Иран, 23-март, 2023-жыл.

Иранда милдеттүү хижаб кийүү эрежесин бузган кыз-келиндерге күч колдонууну жокко чыгарып, анын ордуна айып пул салуу жана административдик жазага тартуу боюнча жаңы стратегияны талкуулоо уланууда.

Бул тууралуу мыйзам чыгаруучу Хоссейин Жалалиге шилтеме берип, “Фарда” радиосу билдирди. Депутаттын айтымында, коомдук жайларда бетин-башын жаап жүрбөгөндөр 30 миллиард иран риалын (60 миң АКШ доллары) төлөөгө чейин милдеттендирилмекчи. Андан тышкары айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратуу, паспортун жокко чыгаруу, интернет байланышын өчүрүү чаралары көрүлүшү ыктымал.

Эрежени сактоо, аялдарды уруп-сабоо, күч колдонууну чектөө максатында көзөмөл камералары пайдаланылат. Эреже бузгандарды таап, жазалоо иштерине полиция жана сот органдары тартылмакчы.

Бир нече жума мурда парламенттин маданият боюнча комиссиясы жети пункттан турган сунуш киргизип, аларды жогорку жетекчилик колдогону, Коопсуздук кеңеши талкуулаганы маалымдалган.

Ислам жумуриятында 1979-жылкы революциядан кийин милдеттүү хижаб киргизилген.

Көптөгөн аялдар нааразылык иретинде ал эрежени бузуп, жылаңбаш жүргөн учурлар кездешет. Андай окуялар былтыр сентябрда студент кыз Махса Амини хижаб кийүү эрежесин бузган деп камалып, жабык жайда көз жумгандан кийин тутанган митингдер маалында көбөйдү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG