Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:54

Украин күчтөрү 14 учкучсуз учак жок кылынганын билдирди


Киев шаары.
Киев шаары.

Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы 28-мартка караган түнү өлкө аймагына абадан сокку уруу үчүн орусиялык армия 15 даана ирандык "Шахед-136-131" үлгүсүндөгү дрондорду колдонуп, алардын 14ү украин аскерлери тарабынан жок кылынганын билдирди.

"Украинанын бардык аймагында ракеталык жана абадан сокку уруу ыктымалдыгы жогору бойдон калууда", - деп айтылат расмий маалыматта.

Ошол эле маалда Киев шаардык аскер башкармалыгынын башчысы Сергей Попко Киевге жакын жерде 12 учкучсуз учак атып түшүрүлгөнүн кабарлады.


Украинанын Куралдуу күчтөрү 27-мартта кечинде 12 "Шахед", бир чалгындоочу учкучсуз учак атып түшүрүлгөнүн, орусиялыктар сокку урууда "Шахед 136/131" дрондору менен "Гранат-4" учкучсуз чалгындоочу системаны колдонгонун ырастады.

27-мартта саат 22:00 чамасында Киев, Чернигов, Сума, Днепропетровск, Запорожье жана Луганск облустарында абадан чабуул болушу мүмкүн экени эскертилди. Кийинчерээк аба коркунучу Херсон, Житомир жана Кировоград облустарында да жарыяланды.

Украинанын Аскер-аба күчтөрүнүн командачылыгынын басма сөз катчысы Юрий Игнаттын айтымында, орусиялык аскерлер түндүктөн жана түштүк-чыгыштагы Брянск облусу, Азов деңизинин чыгыш жээгинен чабуулга өткөн.

Киевдин мэри Виталий Кличко шаардын Оболонский жана Святошинский райондорундагы жарылуулар тууралуу маалымат берди. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG