Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:17

Алматыда Шинжаңдагы туугандарын бошотууну талап кылгандар кармалды


Казакстанда Шинжаңдагы туугандарын бошотуу талабы менен акция өткөргөндөр. Архив.
Казакстанда Шинжаңдагы туугандарын бошотуу талабы менен акция өткөргөндөр. Архив.

Казакстандын Алматы шаарында Шинжаңдагы туугандарын бошотуу талабы менен Кытай консулдугунун жанына акцияга чыккан үч активисти полиция кармап, кийинчерээк бошотулду.

Окуя 27-мартта болгонун кармалгандардын бири Байболат Күнболатулы "Азаттыктын" казак кызматына билдирген. Аны менен кошо апасы Зауатхан Турсын жана Нурзат Ермекбай да болгон. Аларды милиция бөлүмүндө бир нече саат кармалып, эч кандай айып тагылбай бошотулган. Полиция буга комментарий берген жок.

Казакстанда соңку кездери Шинжаңда камалган же дайынсыз жоголгондордун туугандарынын мөөнөтсүз каршылык акциялары күчөгөн. Бирок алардын өздөрүн кайра казак полициясы кармап, административдик айып пул салган учурлар арбын.

Кытайдын дипломатиялык миссиясынын өкүлдөрү аларга бир да жолу чыккан жок. Март айында Кытайдын Нур-Султандагы элчиси Чжан Сяо Шинжаңдагы камакта отургандар “Кытай жарандары” жана “Кытай мыйзамдарын бузушкан” деп билдирген. Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Шинжаңдагы кырдаалды “Кытайдын ички иши” деп атаган.

2017-жылдан тартып Кытайдын Шинжаң аймагында мусулман этникалык азчылык өкүлдөрү жабык жайларда кармалган учурлар көбөйгөн. Дүйнө коомчулугу бул жагдайды сынга алып келет. Бээжин ал жайларды "тарбиялоо лагерлери" деп атайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG