Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:34

Кабулда кыздардын билим алуусун талап кылган активист кармалды


PenPath уюмунун ыктыярчылары кыздардын билим алуусун талап кылган акцияда, Кабул. 25-март, 2023-жыл.
PenPath уюмунун ыктыярчылары кыздардын билим алуусун талап кылган акцияда, Кабул. 25-март, 2023-жыл.

Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстанга жардам көрсөтүү миссиясы (UNAMA) ооган кыздарынын билим алуу укугун коргогон белгилүү активистти "Талибан" бийлиги камакка алганын кабарлады.

"PenPath уюмунун жетекчиси жана кыздардын билим алуусун жактаган Матиуллах Веса дүйшөмбү күнү (27-мартта) Кабулда камакка алынды. БУУнун өлкөдөгү миссиясы бийликтен анын жүргөн жерин, камакка алынышынын себептерин тактап берүүгө жана анын мыйзамдуу өкүлчүлүккө жана үй-бүлөсү менен байланышууга мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга чакырат", - деп билдирген UNAMA Твиттерде.

Везанын бир тууганы Самиулла AFP маалымат агенттигине анын камакка алынганын ырастап, активистти сабап, күч колдонуп алып кетишкенин айтты.

БУУнун Ооганстанга жардам көрсөтүү миссиясын Кыргызстандын мурдагы президенти Роза Отунбаева жетектейт.

Ооганстанда студент кыздар университетке баруу мүмкүнчүлүгүнөн 2022-жылы декабрда ажыраган. 2021-жылы жайында бийликке келери менен “Талибан” ашынган фундаменталисттик ыкмаларынан баш тартып, 20 жыл ичинде кыймыл өзгөргөнүн көргөзүүгө далалаттанып, байистүү саясат жүргүзүүгө убада берген. Бирок бул убадасына турбай кыздардын билим алуусуна болгон укугу чектелүүдө.

БУУ баштаган эл аралык адам укугун коргогон уюмдар талиб бийлигин мындай чечимдерден оолак болууга чакырып келет.

Маттиуллах Веса 30 жашта, ал тогуз жашынан бери Ооганстанда кыздардын билим алуусун талап кылып келген активист. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG