Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:47

Адилет Балтабайдын соту 11-апрелге жылдырылды


Адилет Балтабай сот залында. Июль, 2022-жыл.
Адилет Балтабай сот залында. Июль, 2022-жыл.

Адилет Балтабай деген ат менен таанымал блогер жана жарандык активист Адилет Али Мыктыбектин ишин кароонун Жогорку Сот 11-апрелге жылдырды. Мунун себебин соттук коллегия иш менен таанышууга убакыт зарыл деп түшүндүрдү.

Адилет Балтабайга карата калыс чечими чыгышын талап кылгандар бүгүн, 28-мартта Жогорку Соттун алдында чогулду. Алар блогердин күнөөсүз экенин айтып, бошотууну талап кылышты.

Блогер быйыл 13-январда Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткандарды бошотуу талабы коюлган митингге катышкандан кийин кармалып, камакка алынган. Ал былтыр жарым жылдай камакта отуруп, 11-ноябрда Биринчи Май райондук сотунда "Жапырт башаламандык" беренесинин негизинде күнөөлүү деп табылган. Бирок пробациялык көзөмөл өкүмү менен сот залынан бошотулган эле.

Адилет Балтабай өкмөттү сындаган түрдүү акцияларды социалдык түйүндөр аркылуу түз эфирде чагылдырып, өз пикирин ачык айтып жүргөн. Милиция анын күнөөсүнүн далили бар экенин билдирген.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG