Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:11

Өзбекстанга тыйын чычкан алып өтүүгө аракет кылган киши чек арада кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

27-мартта Өзбекстандын атуулу Кыргызстандан 13 тыйын чычканды алып чыгып кетүүгө аракет кылып, чек арадагы өткөрмө бекеттен кармалды. Бул тууралуу УКМКга караштуу Чек ара кызматы маалымдады.

"Достук-автодорожный" көзөмөл өткөрмө бекетинде 1979-жылы төрөлгөн Өзбекстандын М.М. аттуу жараны кармалган. Ал Өзбекстанга 13 тыйын чычканды алып кетүүгө аракет кылган. Тыйын чычкандарды алып чыгууга уруксат берген документтери болгон эмес", - деп билдирди Чек ара кызматы.

Атайын текшерүү иштеринен кийин тыйын чычкандарды чек арачылар тийиштүү мекемеге өткөрүп берген.

Кармалган өзбек жараны тыйын чычкандарды тааныштары жөн гана алып келип берүүнү суранышканын билдирген. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG