Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:50

Эл артисти Асанкул Осмонов акыркы сапарга узатылды


Асанкул Осмонов.
Асанкул Осмонов.

Кыргыз эл артисти, көрүнүктүү кино жана театр актёру Асанкул Осмоновду акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 28-мартта Токтоболот Абдумомунов атындагы академиялык драма театрында өттү.

Коштошуу зыйнатына белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, маданият тармагынын бир катар өкүлдөрү, кесиптештери жана жакындары катышты.

Асанкул Осмонов 1935-жылы 1-мартта Нарын районунун Миң-Булак айылында туулган.

1958-жылдан тарта өмүрүнүн соңуна чейин Кыргыз улуттук академиялык драма театрда эмгектенген актёр театр жана кинолордо ондогон ролдорду жараткан.

“Манастын уулу Семетей” (Ж. Садыков), “Өлбөстүн үрөнү” (А. Токомбаев), “Абийир кечирбейт” (Т. Абдумомунов), “Биринчи мугалим” (Ч. Айтматов) баштаган драмаларда, чет элдик классикалардан “Ричард-III”, “Король-Лир” (У. Шекспир), “Өлүү жандар” (Н. Гоголь) баштаган бир катар спектаклдерде башкы ролдорду ойногон.

Ал эми кыргыз киносунда "Биринчи", "Дилетант", "Жаралуу үчүн жан берүү", "Белгисиз маршрут" жана башка тасмаларда роль жараткан.

1990-жылы Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамы менен сыйланган.

88 жашында дүйнөдөн кайткан актёрдун сөөгү борбордогу “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG