Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:39

Бишкектеги "Сөз эркиндиги" аллеясына көчөт отургузулат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

1-апрелде "Жашыл Мурас" улуттук кампаниясынын алкагында Бишкек шаарындагы “Ынтымак” сейил багындагы “Сөз эркиндиги” аллеясына көчөттөр отургузулат. Иш-чараны президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматы уюштурууда.

"Акцияга мамлекеттик жана көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык донор уюмдардын коомчулук менен байланыш кызматкерлери (коммуникаторлор), мамлекеттик органдарынын басма сөз кызматкерлери катышат. Иш-чара журналисттер менен коммуникаторлордун башын бириктирүү, медиа чөйрөсүндөгү жаңы чакырыктарды жана идеяларды бейформал шартта талкуулоону максат кылат", - деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.

Президент Садыр Жапаров 2022-жылы 12-мартта Кыргызстандагы Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын алкагында "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгү башталганын жарыялаган.

Долбоорунун алкагында жылына кеминде 5 миллионго жакын көчөт отургузуу планы каралган.

Март айынын башында Эл аралык Freedom House (FH) уюму “Дүйнөдөгү эркиндик - 2023” аттуу жаңы баяндамасында Кыргызстанды үчүнчү жылы катары менен “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошту. Уюм өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары басымга туш болгонун билдирген.

Freedom House уюмунун Европа жана Евразия чөлкөмү боюнча улук изилдөөчүсү Майкл Смельцер Кыргызстанда “Азаттык” радиосу кысымга туш болуп жатканын айтып, буга тынчсыздануусун айткан.

Эл аралык уюмдар, АКШ, Улуу Британия, Франция, Германия жана мамлекеттер Бишкекти сөз эркиндигин коргоого чакырып келет. Буга чейин Human Rights Watch уюму, "Журналисттерди коргоо комитети" жана Евробиримдиктин адам укуктары боюнча өкүлү Эймон Гилмор, кыргыз бийлигин "чектен чыккан цензурадан баш тартып, сөз эркиндигин коргоого" чакырган.

Ушул тапта 20дан ашык саясатчы, блогер, активист Кемпир-Абад иши боюнча камакта отурат. "Азаттык" радиосунун интернет сайты 2022-жылдын октябрь айында бөгөттөлгөн, соттук иштер уланууда. (BCh)

XS
SM
MD
LG