Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:40

Улуу Британия Польша менен бирге Украинага убактылуу эки кыштак курат


Украина паспорту.
Украина паспорту.

Улуу Британия Польша менен бирге Украинанын батышында жана борбордук бөлүгүндөубактылуу эки кыштак кура турганын британ өкмөтү жарыялады.

Reuters агенттиги кабарлагандай, Лондон бул үчүн 10 миллион фунт (12,3 миллион доллар) бөлүүнү убада кылган.

Львов жана Полтава облустарындагы кыштактарга согуш болуп жаткан аймактардан качкан 700дөн ашуун адам жайгаштырылат. Британ өкмөтү бул сан Украинадагы миллиондогон жер которгондорго салыштырганда өтө эле аз экенин белгиледи.

Украинадагы салгылашуулар негизинен өлкөнүн чыгыш аймактарында уланууда.

БУУнун маалыматы боюнча, согуш башталгандан бери Украинадан 8 миллиондон ашуун адам чыгып кеткен. Акыркы маалыматтар боюнча, Европада расмий түрдө убактылуу баш калка алгандар беш миллионго жакын. – Бирок каттоодон өтпөгөн бозгундар да бар экени белгиленет.

Британдык үй-бүлөлөр 2022-жылдын февралында Орусия Украинага басып киргенден бери дээрлик 118 миң качкынды кабыл алды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG