Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Талибдер Балх губернаторунун өлүмүнө тажик жарандарын күнөөлөдү


Мухаммед Дауд Музамил
Мухаммед Дауд Музамил

Талибдер Ооганстандын Балх провинциясынын губернатору өлүмүнө "Ислам мамлекети" террордук тобунун катарында жүргөн тажик жарандарынын тиешеси бар деп эсептейт.

"Талибан" кыймылы дайындаган Балх провинциясынын губернатору Мухаммед Дауд Музамил 9-мартта кеңесиндеги жардыруудан каза болгон. Жергиликтүү басылмалар дагы эки жай тургун өлүп, 30жай адам жараат алганын кабарлашкан.

"Талибан" өкмөтүнүн Чалгындоо башкармалыгы атайын операциянын жүрүшүндө "Ислам мамлекети-Хорасан" тобунун үч жоочусу жок кылынганын билдирген. Бул топ "Ислам мамлекетинин" жергиликтүү уячасы болуп эсептелет.

"Талибандын" бул билдирүүсүн көз карандысыз булактар аркылуу текшерүүгө мүмкүн болгон жок.

ТАСС агенттиги талибдердин атайын кызматына шилтеме кылып, Фараб провинциясындагы атайын операциянын жүрүшүндө Балхтын губернаторуна кол салган кишилердин баары кармалганын, арасында тажикстандыктар бар экенин жазды.

Тажикстандын бийлиги "Талибандын" билдирүүсүнө жооп кайтара элек. Буга чейин Дүйшөмбү Ооганстанда "Ислам мамлекети" тобуна тиешеси бар деп кармалган тажикстандыктар тууралуу маалыматтарды бир нече жолу ырастаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG