Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:26

Баткенде Тажикстан тарапка өтүп кеткен мал ээлерине кайтарылды


Баткенде Тажикстан тарапка өтүп кеткен мал ээлерине кайтарылды. 28-март. 2023-жыл. (Сүрөт Баткен ОИИБге таандык)
Баткенде Тажикстан тарапка өтүп кеткен мал ээлерине кайтарылды. 28-март. 2023-жыл. (Сүрөт Баткен ОИИБге таандык)

Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Кызыл-Бел айылынан беш ири мүйүздүү мал кароосуз жүрүп, коңшу өлкөнүн Исфара районунун Гулистан айылына кирип кетишкен. Мал ээлеринин өтүнүчү менен
райондогу Кара-Бак айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери коңшулаш Согд облусунун Исфара райондук милициясынын кызматкерлери сүйлөшүү жүргүздү. Жыйынтыгында 28-мартта беш бодо мал кайтарылып, өз ээлерине тапшырылды.

Чек ара аймактарында эки элдин ортосунда түрдүү пикир келишпестиктерди болтурбоо жана улуттар аралык чыр-чатактардын алдын алуу милдетин эки өлкөнүн милиция кызматкерлерине жүктөлгөн. Алар ошондой эле чектеш жашаган тургундарга мал-жандыктарына сак болуусун эскертип, коомдук коопсуздукту да көзөмөлдөшөт.

25-мартта Баткен районуна караштуу Чыр-Дөбө айылында кыргыз-тажик чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп, ага милиция кызматкерлери, чектеш аймактардын айыл башчылары катышкан.

Кездешүүгө тажикстандык жарандардын Көк-Таш айыл аймагындагы Дам-Арык тилкесине көчөт тигүү аракети себеп болгон. Сүйлөшүүнүн натыйжасында аталган тилкедеги бардык иш-аракеттер токтотулган.

Кыргызстан Тажикстан менен жалпысынан 972 чакырым аралыкта чектешет. Тактоо иштери 2002-жылы башталган. Анын 664 чакырымы боюнча орток пикир бар экенин эки өлкөнүн президенттери өткөн жылы ырасташкан. Калган 300 чакырымга жакын чек ара тилкесин тактоодо маселе жаралууда.

Чек ара такталбаганынан утур-утур чыр чыгып, 2021-2022-жылдары жаз, күз айларында куралдуу кагылыш болуп, кан төгүлгөн.(ZKo/JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG