Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:37

УКМК "Тазалыктын" мурдагы жетекчиси Сарпашев 5 млн. сом төлөгөнүн билдирди  


Рысбек Сарпашев.
Рысбек Сарпашев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) "Тазалык" ишканасынын мурдагы директору Рысбек Сарпашев күнөөсүн моюнуна алып, мамлекетке келтирилген чыгым катары 5 млн. 167 миң 600 сом төлөп бергенин кабарлады.

Атайын кызмат учурда Сарпашевдин башка мыйзамсыз иштерге тиешеси бар-жогу текшерилип, кылмыш иши сотко өткөрүлөөрүн билдирди.

УКМК тарабынан кармалган "Тазалык" ишканасынын мурдагы директору Рысбек Сарпашев Биринчи май райондук сотунун 24-марттагы чечими менен үй камагына чыкканы белгилүү болгон. Атайын кызмат мурунку жетекчини 9-апрелге чейин үй камагына чыгаруу өтүнүчүн келтирган.

Рысбек Сарпашев 23-мартта кармалган. УКМК тараткан маалыматка караганда, ага карата өзүнө ыйгарып алуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы менен кылмыш иши козголгон.

Соттук-бухгалтердик экспертизанын корутундусуна ылайык, Бишкек шаарынын мэриясына караштуу "Тазалык" ишканасынын бюджетине 5 миллион сомдон ашык суммада зыян келтирилгени айтылат. УКМК мындай аракеттердин айынан атайын техника жана күйүүчү-майлоочу материалдар жетишпей, таштанды чыгарууга жооптуу тиешелүү муниципалдык кызматтардын ишинде мүчүлүштүк кеткенин белгилеген.

Былтыр Бишкек мэриясы “Тазалык” муниципалдык ишканасында бир катар каржылык мыйзам бузуулар аныкталганын билдирген. Борбор калаада таштанды маселеси курчуп, былтыр август айында мэриянын дарегине "Бишкек таштандыга толуп кетти" деген сын көбөйгөн. Ишканадагы “системалык коррупция”, “коррупциялык схема” боюнча териштирүүлөр жүрүп жатканы айтылган, жумушчулары митингге чыккан учурлар катталган.

"Тазалыкта" жалпысынан 1500 жумушчу, кызматкер иштейт. Ишканада соңку бир жыл ичинде төрт жолу жетекчи алмашты.

Рысбек Сарпашев "Тазалыкты" 2014-2018-жылдары, экинчи жолу 2019-2021-жылдары жетектеген. 2018-жылдын август айынан 2019-жылдын октябрына чейин Бишкектин вице-мэри болуп турган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG