Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:30

Ногойбаев түз эфирде айткан сөзүнө түшүндүрмө берип, кечирим сурады


Азамат Ногойбаев, 3-апрель, 2023-жыл.
Азамат Ногойбаев, 3-апрель, 2023-жыл.

Бишкекте шаардык милициянын жетекчиси Азамат Ногойбаев анын кызматтан кетишин талап кылган акцияны чагылдырган журналисттер менен жолукту. Баш калаанын милиция башчысы 31-мартта өткөн түз эфир маалында айткандарын "айрымдар туура эмес түшүнүп алганын" белгилеп, ал үчүн кечирим сурады.

"Дал ушул "өздөрү" деген сөз туура эмес болуп калганын мойнума алам. Мен коомдук кишимин, бирок түз эфирде юрист катары эмес, өзүмдүн сөзүмдү айтып алыпмын. Ушул тапта өспүрүмдөрдүн коопсуздугу үчүн бардык шарттарды түзүү аракети болууда", - деди Ногойбаев.

Ал кызматтан кетүү тууралуу берилген суроону комментарийсиз калтырды.

Ногойбаевдин кызматтан кетишин талап кылып, акцияга чыккан 10дон ашуун активист менен шаардык милициянын башчысы Бишкек шаардык милициясынын имаратынын ичинде жолугууну сунуш кылган, бирок активисттер "басым болот" деген чочулоодон улам андан баш тарткан.

31-мартта Ногойбаев Фейсбукта түз эфирде суроолорго жооп берип жатып, шаарда өспүрүм кыздар зордукталган учурлар көп катталып жатканын, алардын арасында "жыныстык катнашка өз эрки менен баргандар" бардыгын айткан.


Бишкектин милиция жетекчисинин мындай билдирүүсүн коомчулук, укук коргоочулар кескин сындады. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Ички иликтөө кызматы Ногойбаевдин айткандарына байланыштуу териштирүү баштаганын маалымдаган.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова шаардык милициянын жетекчисинин айткандарын сындап, өспүрүмдү зордуктоо оор кылмыш экенин белгилеген.

ЮНИСЕФтин маалыматына караганда, Кыргызстанда ар бир төртүнчү бала жетишпеген турмушта жашап, бала чагынан оор жумуш жасоого аргасыз. (Улуттук статистика комитетинин эсебинде Кыргызстандын калкынын 2,5 миллиондон ашууну 18 жашка чейинкилер). Маалыматка таянсак, 14 жашка чейинки балдардын 70% зомбулуктун ар кайсы түрүнөн жапа чегет.

Соңку жылдары кыз-келиндерге карата зордук-зомбулук күчөгөнүн өкмөт өкүлдөрү моюнга алат. Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте (WPS) Кыргызстан 2021-жылы кооптуу өлкөлөрдүн катарына кирген.(BCh)

XS
SM
MD
LG