Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:34

Александр Крестинин башкы машыктыруучу кызматынан кетти


Александр Крестинин
Александр Крестинин

Александр Крестинин Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу кызматынан кетти. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирлигинен билдиришти.

Маалыматта ал кызматтан "Кыргыз футболдук союзу менен Александр Крестининдин өз ара чечими менен" кеткени жазылган. Крестинин комментарий бере элек.

44 жаштагы орусиялык Александр Крестинин Кыргызстандын футбол боюнча курамасын 2014-жылдан бери машыктырып келген. Ага удаа 2017-жылдан 2021-жылы Бишкектин "Дордой" футбол клубун да машыктырып жүрдү.
Ага чейин (2012-2014) "Нефтчи" футбол клубунун башында турган.
Орусиянын жана Казакстандын футбол клубдарында ойноп келген Крестинин Кыргызстанда алгач 2009-жылы "Нефтчи" клубунда ойноочу-машыктыруучу болуп эмгектенип, ал жылы өлкө чемпиондугун утуп, бир жылдан соң "Супер кубокту" жеңип, кийин аталган клубда машыктыруучу болуп эмгек жолун баштаган.

Крестининдин жетекчилигинде Кыргызстандын футбол курамасы 2018-жылы ФИФА рейтингинде 146-орундан 75-орунга чейин көтөрүлдү. 2019-жылы алгачкы жолу Азия кубогунда ойноп, 1/8 финалга чейин жетти. 2022-жылы Азия кубогуна экинчи жолдомону алды.

2021-жылы август айында Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын мурдагы капитаны Азамат Байматов өлкөнүн футбол бирлигин сындап, Крестининдин кызматтан кетишин талап кылып чыккан. Александр Крестинин "Кыргыз Республикасынын мыкты машыктыруучусу", "Данакер" орденинин ээси.

Орусиялык Sports.ru сайты футбол жаңылыктарына адистешкен өзбекстандык Championat Asia сайтына шилтеме берип жазганына караганда, Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасын Андрей Канчельскис жетектеши мүмкүн. Маалыматка караганда, 54 жаштагы адис 2-апрелде Кыргызстанга келген.

Ал 2018-2020-жылдары Намангандын «Навбахор» клубун машыктырчу. Ага чейин «Торпедо-ЗИЛ», «Уфа», «Юрмала» жана «Солярис» клубдарын жетектеп келген.

Бир кездери СССРдин, Орусиянын курама командаларында, англиялык «Манчестер Юнайтед» клубунда ойночу. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG