Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:37

Алматыда мурдагы ИИБ башчысына сыртынан издөө жарыяланды


Серик Кудебаев
Серик Кудебаев

Казакстандын Алматы облусунун мурдагы милиция башчысы Серик Күдебаев сыртынан камакка алынып, издөө жарыяланды. Прокурордун өтүнүчү менен сот ушундай чечим чыгарганын 3-апрелде “Азаттыктын” казак кызматы кабарлады.

Былтыркы кандуу Январь окуясы боюнча айыпталып жаткан Күдебаев 23-мартта Кыргызстан аркылуу Түркияга качып кеткенин казак медиасы жазды. Кийин өлкөнүн чек ара кызматы ал чек арадан расмий чыкпаганын маалымдады.

Ал тергөө учурунда үй камагында болгон. Мурдараак кан басымы көтөрүлүп, жеке медициналык борборго жатканы айтылган.

Былтыр январдагы топ-тополоңдо Алматы облусунун коменданты болуп турган 58 жаштагы милициянын генерал-майору Күдебаев иш ордун таштап, полиция имаратынан чыгып кеткен. Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган, нааразылык акцияларында кармалган адамдарды кыйноого алган деп айыпталган. Адвокаттары бул айыптоолорду негизсиз деп аташкан. Прокурор Күдебаевди тогуз жылга эркинен ажыратууну сураган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG