Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:27

Чек ара: Капчыгай элинин талабы 


Капчыгай айылында чек арадагы четки үй. 31-март, 2023-жыл
Капчыгай айылында чек арадагы четки үй. 31-март, 2023-жыл

Баткендин чек арадагы Капчыгай айылында өткөн жылдын сентябрындагы чек ара жаңжалында өрттөлүп, тонолгон 77 үйдүн 20сы гана курулуп бүтүп, ээлерине берилди. Калган 57си азырынча бүтө элек.

Курулуш иштери алгач "январь айына чейин аяктайт" деп айтылып, кийин мартка жылган. Эми ал убакыт апрелдин соңуна жылганы белгилүү болду. Жергиликтүү тургундар жазгы талаа иштери башталып жатканын эске салып, үйлөр эртерээк берилсе, айылга кайтууну көздөп жатканын айтып жатышат.

Капчыгай айылындагы курулушу аяктай элек үй. 31-март, 2023-жыл
Капчыгай айылындагы курулушу аяктай элек үй. 31-март, 2023-жыл

Капчыгай айылынын тургуну Исабек Тогонов жашы алтымышка таяп калганда үй-бүлөсү, неберелери менен 6-7-айдан бери батирлеп, өз үйүнө келе албай жүрөт. Өткөн жылы сентябрдагы окуяда үй-жайы, уулунун үйү да өрттөлүп, тонолгон.

Капчыгай айылынын тургуну Исабек Тогонов. Курулушу аяктай элек үйүн тааныштырып жатат. 31-март, 2023-жыл
Капчыгай айылынын тургуну Исабек Тогонов. Курулушу аяктай элек үйүн тааныштырып жатат. 31-март, 2023-жыл

"Бул жерге келип өз көзү менен көрбөгөн адам шүгүр кылбайбы деп ойлоп калышы мүмкүн. Бирок, бул иштерди бүтүрүүгө мамлекет каражатты берип, курулушчулар тандалып алынды да. Демек убаданы аткарыш керек. Көзөмөлдөп, ошону аткартыш керек. Бул жерде жергиликтүү бийлик ишти көзөмөлдөп, курулушчуларды иштетиш керек. Менин, уулум экөөбүздүн үйүбүз усталар кезектешип, тынбай иштесе да май айына араң бүтөт. Биз ага чейин келип эгин айдап, кийинки жылга кам көрүшүбүз керек да. Качанга чейин бирөөнүн үйүндө жашайбыз. Дубалдын сырткы шыбоосун караңыз. Жарымын тигинен, жарымын туурасынан тартып койгон. Ушул кантип болсун? Мамлекет каражатты төлөп берип жатканда, ошону да максаттуу сарпташ керек да. Эптеп эле курулушту аяктасак болду дегендей мамиле жасабай".

Кандуу окуяда жабыркаган Капчыгай айылынын тургундары үйлөрүн эртерээк бүтүрүү өтүнүчү менен жергиликтүү бийликке бир канча ирет кайрылышкан.

Чек ара жаңжалында Капчыгай жана Достук айылдары дээрлик толугу менен талкаланып калгандыктан, типтүү кылып жаңы айыл түптөө, инфраструктурасын да талапка жооп бергендей жасоо чечими кабыл алынган.

Учурда Капчыгай айылында жол кеңейтүү, электр мамыларын орнотуу, суу куурларын тартуу иштери башталып жатат.

Эркин Жолчуев айыл башчы. 31-март, 2023-жыл
Эркин Жолчуев айыл башчы. 31-март, 2023-жыл

"Азыр айылдын жолун кеңейтип, асфальт төшөгөнгө даярдап башташты. Жол кеңейтилип, четинде тротуарлары анан түнкү жарыктандыруусу менен болот. Таза суу тартылып жатат, ар бир короого кирет. Күн жылып, жакшы иштер башталды. Бирок ушу үйлөрдүн курулушу бир аз мөөнөтү кечигип жатат. Айылда 77 үй курулушу керек болсо, анын 20сы гана пайдаланууга берилди. Калган 57си азырынча ээлерине тапшырыла элек. Сапаты боюнча көп маселе жок. Үй ээлери келип кабар курулушту көзөмөлдөп жатышат. Эми айылыбыздын тургундары тезирээк кайтышса болот эле. Жашоо мурдагы калыбына кайта элек да азырынча",-деди Эркин Жолчуев.

Капчыгай айылындагы көчөлөр кеңейтилип, ар бир үйгө суу куурлары тартылат. 31-март, 2023-жыл
Капчыгай айылындагы көчөлөр кеңейтилип, ар бир үйгө суу куурлары тартылат. 31-март, 2023-жыл

Капчыгайда 57 үйдүн курулушун өз моюнуна алган “Доор” курулуш компаниясы бир нече куруучу усталардын тобун жалдаган. Бул компанияга сын, жергиликтүүлөр менен ич ара териштирүүлөр болору да айтылган. Компанияда жалданып иштеп жаткан уста Кадыр Маматкеримов иштин жүрүшү тууралуу буларды билдирди:

"Кээ бир үйлөрдүн ээлери биз долбоорго, чиймеге карап иш алып барып жатканыбызга карабай дооматтарды айтып жатышат. Бир үйдүн ээси ушинтип даттана бергенинен улам беш жолу усталардын тобу алмашты. Азыр иши жасалбай турат. Сапаты баары талапка ылайык, долбоордун негизинде жасалып жатат. Ал эми мөөнөтү боюнча айтсак, бизге да түйшүк. Эки айда бүтүрүп кетебиз деп келгенбиз. Анан минтип 5 айга айланды. Зарыл болгон курулуш материалдары камсыздалбай калат, күтүп калабыз, суу жок болуп калат, акча келбей калды дейт. Эртерээк бүтүрүп башка ишибизди кылсак болот эле".

Курулуштарды жүргүзүү боюнча милдеттеме алган “Аманат” курулуш компаниясы бир нече майда компанияларды жалдаган. Анын ичиндеги "Доор" курулуш ишканасы 57 үйдү куруп бермей болгон. Компания жетекчиси Доорбек Кадыров апрель айында үйлөрдү толук ээлерине тапшырууга аракет кылып жатканын айтат.

"Кыш учурунда иш көңүлдөгүдөй болбой турду. Суулар тоңуп, ишти токтотуп турууга да аргасыз болдук. Азыр дээрлик бардык үйлөр 90% курулуш иштери аяктап калган. Мындан ары күн сайын 4-5 үйдү бүтүрсөк болот. Негизги иштери аяктаган. Анан арада 5-6 күн каражаттан да маселе болуп, токтоп калдык. Азыр баары чечилди, апрелде курулушту бүтүрөм деп убада бергем, бүтөт. Ээлерине тапшырам апрелде".

Капчыгай айылындагы курулушу аяктап калган үй. 31-март, 2023-жыл
Капчыгай айылындагы курулушу аяктап калган үй. 31-март, 2023-жыл

"Интербилим" укук коргоо уюмунун Оштогу жетекчиси Гүлгаакы Мамасалиева чек ара чырында жабыркагандар нараазы болбой тургандай аракеттер зарыл деп эсептейт:

Гүлгаакы Мамасалиева
Гүлгаакы Мамасалиева

"Курулуштагы кемчиликти, убакыттын созулуп кетишин, жашоо үчүн зарыл муктаждыктарын айткан жергиликтүүлөрдү туура кабыл алыш керек. Эл андай деп ачык айтпаса эле "баары жакшы" деп ойлобош керек. Негизи ошол жердин тургундарынын көнүлүндө кир калбагандай, арсардык болбогондой кылыш керек. Мисалы, 2021-жылы Көк-Терек айылында 17 үй күйгөндө курулушту аяктаганда сегиз эле үй-бүлө кайра барып жашады го. Канткенде ошол жердеги элдин коркуу сезимин жок кылабыз, аларды үйүнө кубануу менен бара тургандай кылабыз деп аракет жасаш керек. Чек арадагы айылда жашоо үчүн мен барам, мен жашайм деп талаш болгондой шарт түзүш керек. Ал үчүн каражатты, жумуш менен камсыздоону, коопсуздук маселеси биринчи кезекте чечилиш керек".

Былтыр 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта Кыргызстан тарап 8 млрд. сомдон ашуун зыян тартып, 418 үй жашоого жараксыз болгон. Турак жайларды калыбына келтирүү үчүн өкмөт 1 млрд. 300 миллион сомдон ашык каражат бөлүп, октябрда иш башталган. Курулушту жүргүзүү үчүн "Аманат Инвест" компаниясы милдеттеме алып, отуздан ашык компанияны жалдаган. Бийлик үйлөрдү калыбына келтирүү иштери жаңы жылга чейин бүтөт деп убада кылган.

Учурда чек ара айылдарында 3 миңдей тургун үйлөрүнө кайта элек.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар. Тактоо иштери 2002-жылы башталган. Анын 664 чакырымы боюнча орток пикир бар экенин эки өлкөнүн президенттери өткөн жылы ырасташкан. Калган 300 чакырымга жакын чек ара тилкесин тактоодо маселе жаралууда.

Эки өлкө ортосундагы чек аранын тактала электигинен улам ортодо түрдүү куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар катталып турат. Эң ириси былтыр сентябрда болуп, Кыргызстан анда 63 жаранынан айрылды. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны набыт болгонун жарыялаган.

Кан төгүү менен коштолгон жаңжалды Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Дүйшөмбү кайра Бишкекти күнөөлөгөн.

Андан бери эки тарап дипломатиялык жана чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдү улантып келе жатканын расмий кабарлашкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG