Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:08

Тыңчылыкка айыпталып камалган Гершкович апелляциялык арыз берди


Гершкович сот имаратынан чыгып келатканда. Москва, 30-март, 2023-жыл
Гершкович сот имаратынан чыгып келатканда. Москва, 30-март, 2023-жыл

Wall Street Journal (WSJ) гезитинин кабарчысы Эван Гершкович аны камакка алуу чечимине каршы доо арыз берди. Орусиялык маалымат каражаттары жазганына караганда, тыңчылык үчүн айыпталган 32 жаштагы журналист апелляциялык арыз менен 3-апрелде кайрылды.

AFP агенттиги соттун басма сөз катчысына таянып, угуулардын датасы ушул аптада белгилүү болорун жазды.

30-мартта Москва шаарынын Лефортово райондук соту Гершковичти 29-майга чейин камоо чечимин чыгарган. Америкалык журналистти Екатеринбург шаарында коопсуздук кызматы (ФСБ) 29-мартта кармалган.

ФСБ Гершкович АКШнын тапшырмасы менен аскердик өнөр жай комплексинин ишканаларынын бири тууралуу маалымат чогултуп жүргөн деп айыптаган.

Орусияда алты жылдай иштеп жүргөн журналист Екатеринбург шаарында орусиялыктардын согушка мамилеси жана “Вагнер” компаниясы тууралуу материал даярдап жүргөн.

Басылма ФСБнын айыптоолорун четке кагып, кабарчысын дароо кое берүүнү талап кылган жана анын коопсуздугуна тынчсызданып жатканын билдирген.

Жекшембиде АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Гершковичти тезинен бошотууга чакырды.

Блинкен кабарчы менен байланышкан жагдайды "кабыл алынгыс" деп атаганын Мамлекеттик департаментке шилтеме берүү менен "Америка добушу" радиосу маалымдады.

Орусияда тыңчылыкка айыпталгандар 20 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG