Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:11

АКШ дипломаттары камактагы журналист менен жолуга албай жатканын билдирди


Гершкович сот имаратынан чыгып келатканда. Москва, 30-март, 2023-жыл
Гершкович сот имаратынан чыгып келатканда. Москва, 30-март, 2023-жыл

АКШ бийлиги The Wall Street Journal басылмасынын Москвадагы кабарчысы Эван Гершковичти бошотуу үчүн бар аракетин жумшап жатат, бирок элчиликтин кызматкерлери аны менен азыркыга чейин жолуга элек.

Бул тууралуу Кошмо Штаттардын Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Жон Кирби билдирди.

Буга чейин Орусиянын Тышкы иштер министрлиги америкалык дипломаттардын журналист менен кездешүүсүнө шарт түзүлгөнүн маалымдаган.

Дүйшөмбүдө Адам укуктары боюнча кеңештин мүчөсү Алексей Мельников жана Коомдук байкоочу комиссиянын башчысы Георгий Волков тергөө абагындагы Гершковичке жолугуп кеткен.

Мельниковдун айтымында, кабарчы карантин камерасында отурат, кармоо шарттарына даттанган жок.

Америкалык журналисттин кармалганы 30-мартта белгилүү болгон. Ошол эле күнү Москва шаарынын Лефортово райондук соту Гершковичти 29-майга чейин камоо чечимин чыгарган. Орусиянын коопсуздук кызматы (ФСБ) Гершковичти АКШнын тапшырмасы менен аскердик өнөр жай комплексинин ишканаларынын бири тууралуу маалымат чогултуп жүргөн деп айыптаган.

Орусияда алты жылдай иштеп жүргөн журналист Екатеринбург шаарында орусиялыктардын согушка мамилеси жана “Вагнер” компаниясы тууралуу материал даярдап жүргөн.

Вашингтон жана басылма ФСБнын айыптоолорун четке кагып, кабарчысын дароо кое берүүнү талап кылган.

3-апрелде Гершкович аны камакка алуу чечимине каршы доо арыз берди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG