Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Ак-Булак айылында 14 жаштагы өспүрүмдү издөө уланып жатканын билдирди.
Куткаруучулар төрт күндөн бери издөө ишин жүргүзүп жатат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 112 кызматына 2009-жылы туулган М.Ф жоголгону тууралуу маалымат түшкөн жана издөө 1-апрелде башталган.
Ишемби күнү өспүрүмдү куткаруучулар, милиция кызматкерлери жана жергиликтүү тургундардан турган жүздөй адам издеген. Тоо-таш, талаа-түздөн издөө иштери 4-апрелде дагы уланып жатат.
Министрлик өспүрүм үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз кеткенин билдирип, анын кандай жагдайда жоголгонун тактаган жок. (КЕ)
Дагы караңыз