Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:56

"Бешинчи каналдын" кызматкерлери Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту


"Бешинчи каналдын" логотиби.
"Бешинчи каналдын" логотиби.

Мамлекеттик "Бешинчи каналдын" эмгек жамааты президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоп, телеканалдын маселесин чечип берүүнү өтүндү.

3-апрелде "Бешинчи каналдын" YouTube баракчасына жарыяланган видеодо кызматкерлер төрт айдан бери жумушсуз отурганын, аларга алдыда кандай өзгөрүүлөр болору тууралуу маалымат берилбегенин айтышты.

“Башында каналды мэрияга өткөрүп беребиз дешкен. Бирок мэрия башка нерсени айтып жатат. Бул жерде 60тан ашуун киши иштейт. Биз бул боюнча көп жакка кайрылдык. Канал толугу менен жабылат деген сөздөрдү да угуп жатабыз”, - деп айтылат кайрылууда.

Алар 4-апрелде каналдын маселеси боюнча чечим кабыл алынарын айтып, муну оң жакка чечип берүүнү өтүнүшкөн.

Мамлекеттик каналдын кызматкерлери Жазгүл Мидинова январь айынан бери маяна берилбей жатканын жана автордук берүүлөр, жаңылыктар топтому да эфирге чыкпай калганын айтты.

Президенттин администрациясы бул кайрылуу боюнча комментарий бере элек.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун ошол кездеги жетекчиси Мирлан Бакиров 20-февралда акционердик коомго айландырыла турган мамлекеттик ишканаларды атап, алардын арасында “Бешинчи канал” да бар экенин билдирген.

Кыргызстанда төрт мамлекеттик телерадиоканал бар - КТРК, ЭлТР, "Пирамида", "Бешинчи канал". Аларда жүздөгөн кызматкер эмгектенет. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары мамлекеттик телеканалдарды менчикке өткөрүү маселесин көтөрүп келет. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG