Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:28

Кытай Курил аралдары боюнча позициясын өзгөрттү


Кунашир аралы.
Кунашир аралы.

Кытай 60 жылда Курил аралдары боюнча позициясын өзгөртүп, эми аны Орусия басып алган Жапониянын аймагы катары тааныбайт.

Итуруп, Шикотан, Кунашир жана Хабомаи аралдары 1964-жылдан бери Кытайдын картасында Орусия оккупациялап алган Жапониянын аймагы катары белгиленип келген.

Эми Кытай нейтралдуу позицияны карманарын Kyodo агенттиги жазды.

1960-жылдары Жапониянын аралдарына тиешелүү чечимди ошол кезде Кытайдын башында турган Мао Цзэдун кабыл алган.

Бул өлкөнүн азыркы лидери Си Цзинпин Орусиянын президенти Владимир Путин менен болгон сүйлөшүүлөрүндө Кытай аймактык талашта "эки тарапты тең жактабай" калганын айтты.

Басылманын ишенимдүү булагы 20-21-мартта Москвада өткөн жолугушууда Путин Си Цзинпинге аймакты "атайын алымсыз (пошлина) өнүктүрүү маанилүү экенин", аны Түштүк Курилде түзүү боюнча мыйзам долбоорун Мамдума марттын башында кабыл алганы тууралуу айтканын ырастаган.

Токио бул билдирүүнү айыптады.

Кытайдын лидери инвестиция боюнча комментарий берген жок, ал маселени Улуттук өнүгүү жана реформа комиссиясынын төрагасына калтыра турганын айтты.

Басылманын булагы билдиргендей, Кытайдын позициясы Жапония менен Орусиянын ортосундагы аймактык талашты жөнгө салууну татаалдаштырышы мүмкүн.

Жапония менен Орусия Курил аралдарын - Итурупту, Шикотанды, Кунаширди жана Хабомаини - Дүйнөлүк экинчи согуштан бери талашып келет.

  • Советтер Союзу согуштун соңун утурлай Курилдин түштүгүндөгү Жапонияга караштуу бул аралдарды ээлеп алган. Бул маселеде жаралган талаштан улам Москва менен Токионун ортосунда куралдуу кармаш токтогонун белгилеген тынчтык келишимине кол коюлбай калган.
  • 2019-жылы ноябрда орус президенти Владимир Путин менен ошол кездеги жапон премьер-министри Синдзо Абэ 1956-жылкы эки тараптуу декларациянын негизинде сүйлөшүүлөрдү тездетүүнү макулдашкан. Советтер Союзу ал декларацияда Курилдин калк аз байырлаган Шикотан жана Хабомаи деген аралчалар тобун Жапонияга берүүнү сунуш кылган.
  • Жапония мурдатан эле аймактык дооматтарын билдирип келген. Орусия менен Украинанын ортосундагы согуш башталгандан бери Жапония 2003-жылдан бери биринчи жолу Курил аралдарын “мыйзамсыз оккупацияланган” деп атаган.
  • Стратегиялык жактан Курил аралдарына ээлик кылуу Орусиянын Владивостокто жайгашкан согуштук кемелерине жана суу алдында жүрүүчү кемелерине жылдын кайсы гана мезгили болбосун Тынч океанга тоскоолдуксуз чыгууга мүмкүнчүлүк берет. Себеби, бул аралдардын айланасындагы деңиз суусу кышкысын тоңбойт. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG