Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:07

Мурдагы министр Бейшеналиевдин кеңешчиси Тилекова сотто акталды


Мээрим Тилекова.
Мээрим Тилекова.

Бүгүн, 4-апрелде Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук соту мурдагы саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси Мээрим Тилекованы актаган өкүм чыгарды.

Адвокат Кайсын Абакиров "Азаттыкка" сот кылмыштын курамы жоктугун эске алып, Тилекованы толук актаганын билдирди.

Жактоочу шектүү мыйзамсыз кылмыш жоопкерчилигине тартылганы үчүн тергөөчүнүн үстүнөн арыздана турганын билдирди.

"Мыйзамсыз кылмыш жоопкерчилигине тартуу тажрыйбасын токтотушубуз керек жана Мээрим Тилекова тергөөчүнүн үстүнөн арызданат", - деди жактоочу.

Абакиров Тилековадан мурда кармалган Ысык-Көл облусунун саламаттык сактоо боюнча координатору Бейшекан Жайлымышева дагы толук акталганын кошумчалады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Тилекованы Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин (опузалап пара алуу) негизинде былтыр 17-майда кармап, 4-августта үй камагына чыккан.

Улуттук коопсуздук боюча мамлекеттик комитет Ысык-Көл облусунун саламаттык сактоо боюнча координатору 100 500 сом пара алып жаткан жеринен кармалганын жарыялаган.

Ошол кездеги саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев акчаны медайымдар кафеге чогултканын “Азаттыкка” билдирген.

Мындан кийин Бейшеналиевдин өзүнө дагы коррупцияга байланыштуу бир нече айып тагылган. Ал да камакка алынып, кийин үй камагына чыгарылган.

Адвокат Кайсын Абакиров былтыр ноябрда ага карата козголгон кылмыш иштери токтотулганын билдирген.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG