Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:13

Кылмышка айыпталып жаткан Трамп шейшембиде Нью-Йорк сотуна барат


Трамп Нью-Йорктогу бизнес борбору алдында. 3-апрель, 2023-жыл
Трамп Нью-Йорктогу бизнес борбору алдында. 3-апрель, 2023-жыл

АКШнын экс-президенти, кылмыш иш боюнча айыпталып жаткан Дональд Трамп шейшембиде Нью-Йорк шаарынын сотуна барганы жатат. Өлкө тарыхында биринчи жолу мурдагы мамлекет башчы кылмыш жасаганы үчүн расмий айыпталууда.

Кызматтан кеткенден кийин Флоридада жашап жаткан Трамп 3-апрелде Нью-Йоркко учуп барды.

Экс-президент порноактриса Сторми Дэниелске аны менен жыныстык катнашта болгону тууралуу маалыматты ачыкка чыгарбасын деп 130 миң доллар төлөгөнү үчүн айыпталууда.

Иштин материалдарына ылайык, окуя 2016-жылкы президенттик шайлоо алдында болгон.

Трамптын күнөөсүнүн конкреттүү туюнтмасы белгисиз, бирок ага бизнес көз боёмочулугуна байланышкан 30 пункттан турган айып тагылганын бир катар маалымат каражаттары кабарлады.

Трамп өзү Дэниелс менен жыныстык катнашта болгонун танып келет. Ишти «саясий куугунтук», «шайлоого кийлигишүү» деп сыпаттады. Экс-президент 2024-жылкы шайлоодо ат салышуу ниетин билдирген. Демократтар иштин саясий боегу бар деген дооматтарды четке кагууда.

Соттук угуулар шейшембиге, жергиликтүү саат 14.15ке (Бишкек убактысы менен 5-апрель саат 00.15) белгиленген. Сотко өз ыктыяры менен келип жаткандыктан, анын колуна кишен салынбайт. Бирок манжа издерин тапшыруу, сүрөткө түшүү өңдүү жол-жоболордон өтмөкчү.

Сотто Трампка коюлган айыптар окулат. Экс-президент Нью-Йоркто тарапкерлери алдына чыгарын буга чейин айткан. Айып тагуу анын шайлоо кампаниясына тоскоол боло албайт. Тарапташтары тынч демонстрация өткөрөрүн айтышууда. Шаарда коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

XS
SM
MD
LG