Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:03

Кыргыз-кытай чек арасы: кезек күткөн автоунаалар 600гө чукулдады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 4-апрелде кыргыз-кытай чек арасында жүк ташуучу машинелердин кезеги пайда болгонун, алардын саны 250дөн 600гө чейин экенин билдирди. Маалыматка караганда, мамлекеттик чек ара бекеттери штаттык режимде иштеп жатат.

Мекеме “Эркечтам” (Ош) жана "Торугарт" (Нарын) бекеттеринде кезек күткөндөрдүн көбөйүшүн Кытай тарап кыргызстандык айдоочуларга виза берүүнү көбөйткөнү жана аба ырайы жылый баштаганы менен байланыштырды.

Маалыматта жүк ташуучулардын көбөйүшү менен “Эркечтам” чек ара бекетинин жеке курамы нормадан ашык иштеп, күнүнө 300 машине өткөрүлүп жатканы белгиленген. Бул чек ара бекетинин мүмкүнчүлүгүнөн кыйла көп.

Буга чейин Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь жыл башынан бери кыргызстандык 1,4 миң айдоочуга виза берилгенин билдирген. Элчи Кытай чет өлкөлүктөргө, анын ичинде кыргыз жарандарына виза берүүдөгү чектөөлөрдү алганын, мындан улам виза алуу үчүн суроо-талап жогорулаганын айткан.

Кытай 2020-жылы COVID-19 пандемиясына байланыштуу визага чектөө киргизген. Вируска кабылган биринчи бейтап 2019-жылдын аягында Ухань шаарында аныкталган. Пандемия башталганда Кытай тышкы дүйнөдөн обочолонуп, вирустун жайылышын алдын алуу үчүн катаал чектөөлөрдү жарыялаган.

Расмий маалыматка караганда, пандемиянын кесепетинен Кытайдан Кыргызстанга импорт эки эседен көп өлчөмдө азайган. Чек арадан өткөн жүк ташуучу машинелердин саны 10 эсе кыскарган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG