Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Турдубекова милиция Фейсбуктагы баракчасын бөгөттөө аракетин көргөнүн айтып чыкты


Назгүл Турдубекова.
Назгүл Турдубекова.

"Балдардын укугун коргоочулар лигасынын" жетекчиси Назгүл Турдубекова Бишкек шаардык милициясынын башчысы Азамат Ногойбаевдин кызматтан кетишин талап кылган нааразылык акциясынан кийин Фейсбук баракчасын бөгөттөө аракети болгонун билдирүүдө.

Буга байланыштуу Турдубекова президент Садыр Жапаров баштаган бийлик жетекчилерине кайрылды.

"Сиздердин көңүлүңүздөрдү шаарда зомбулук күчөгөнүнө бургум келет. Бул Бишкек ИИБ башчысынын кесиптик деңгээлине жана жеке сапаттарына жараша болот. Кечээги кызды коргогон митингден кийин Азамат Ногойбаевдин командасы эмне кылып жатканын караңыз. Башкармалыктын аппарат жетекчиси Улан Кубатбеков менин баракчамды кантип бөгөттөө боюнча борбор калаанын милиция кызматкерлерине, видео көрсөтмө берип жатат", - деп жазды укук коргоочу.


Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы укук коргоочунун айткандарын четке какты.

3-апрелде Бишкекте Азамат Ногойбаевдин кызматтан кетишин талап кылган нааразылык акция өткөн. Назгүл Турдубекова аны уюштуруучулардын бири болгон. Ал акцияда милицияда адамдардын, кыздардын укугун коргогон адам иштеши керектигин айтып, президент Садыр Жапаров менен ички иштер министри Улан Ниязбековго кайрылган.

Азамат Ногойбаев 31-мартта Фейсбукта түз эфирде суроолорго жооп берип жатып, баш калаада өспүрүм кыздар зордукталган учурлар көп катталып жатканын, алардын арасында жыныстык катнашка өз эрки менен баргандар бар экенин билдирген.

Анын билдирүүсү коомчулукта, укук коргоочулардын арасында талкуу жаратып, катуу сынга алынган. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Ички иликтөө кызматы Ногойбаевдин айткандарына байланыштуу териштирүү баштаганын кабарлаган.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова анын сөзүн айыптап, өспүрүмдү зордуктоо оор кылмыш экенин эскерткен.

Ушундан кийин Ногойбаев айткан сөздөрү үчүн кечирим сураган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG