Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:53

"Сорос-Казакстан" фонду жарандык демилгелерди каржылоону токтотууда


Архивдик сүрөт
Архивдик сүрөт

"Сорос-Казакстан" фонду дээрлик 30 жылдык ишмердиктен кийин жарандык демилгелерди каржылоону токтотууда. Уюм CAPS Unlock (Central Asian Policy Studies) деген жаңы аталыш менен катталып жатканын “Азаттыктын” казак редакциясы маалымдады. Бул борбор региондун маселелерин чечүү жолдорун иштеп чыга турган Борбор Азиядагы изилдөөчүлөрдүн башын бириктирет.

Америкалык миллиардер, филантроп Жорж Сорос негиздеген "Ачык коомдун" фонддору бир нече убакыттан бери өзгөрүүлөргө туш болууда. Былтыр күздө "Сорос-Тажикстан” жабылары жарыяланган.

1995-жылдан бери "Сорос-Казакстан" фонду адам укуктарын коргоо, мыйзам үстөмдүгүн колдоо жана өнүктүрүү, бюджеттин тунук болушун, өкмөттүн отчет берип туруусун камсыздоо, жарандык коомду калыптандыруу жаатында түрдүү долбоорлорду каржылап келген. Бул аралыкта грант түрүндө 100 миллион теңге бөлгөн.

Фонд кысымга кабылган учурлар көп болгон.

“Сорос-Кыргызстан” фондунун тагдыры тууралуу азырынча маалымат түшө элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG