Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:51

Кыргызстанда салттуу музыка жумалыгы өтөт


Салттуу музыка жумалыгы, Бишкек. Апрель, 2022-жыл.
Салттуу музыка жумалыгы, Бишкек. Апрель, 2022-жыл.

20-25-апрель күндөрү “Кыргыздын салттуу музыкасы” фонду Кыргыз улуттук "Манас" театры менен биргеликте кезектеги "Салттуу музыка жумалыгын" өткөрөт.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлагандай, апта ичинде күү, ыр, дастан, "Манас", кино, музыка күндөрү уюштурулат.

"Жумалык ааламдашуу доорунда оозеки салттагы кесипкөй музыкалык искусствону сактоо, өнүктүрүү жана жайылтуу максатында өтүп, салтуу музыка өнөрүн алып жүрүүчүлөрдүн башын бириктирет", - деп айтылат маалыматта.

Жумалык өлкөдө 19-жолу уюштурулганы жатат. Бул жолу Бишкекте жана Ошто өтөт.

Буга чейин мындай маданий иш-чаралар өлкөнүн башка аймактарында дагы өткөн. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG