Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:57

АКШнын экс-президенти Дональд Трампка айыбы угузулду


АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп сот залында. 4-апрель, 2023-жыл.
АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп сот залында. 4-апрель, 2023-жыл.

АКШнын экс-президенти Дональд Трамп Нью-Йорктун сотунда бизнес көз боёмочулугуна байланышкан 34 пункттан турган айыптардын баарын четке какты.

Экс-президент порноактриса Сторми Дэниелске аны менен жыныстык катнашта болгону тууралуу маалыматты ачыкка чыгарбасын деп 130 миң доллар төлөгөнү үчүн айыпталууда.

Нью-Йоркко Трамп бир күн мурда өз ыктыяры менен барган. Ал Манхэттен аймактык прокурорунун кеңсесине келип, формалдуу камакка алынган. Андан соң айыбын угузуу үчүн сот залына алып киришти. Кийинчерээк анын залдан чыгып кеткени тууралуу маалымат чыкты.

Reuters агенттиги прокурор Элвин Брэгге шилтеме берип, Трампка "шайлоочулардан мыйзамсыз иш-аракеттерин жашыруу максатында бизнес көз боёмочулугуна барган" деген айып тагылганын жазды. Кийинки соттук отурум 4-декабрга белгиленген.

Дональд Трамп өлкө тарыхында биринчи жолу кылмыш жасаганы үчүн расмий айыпталган экс-президент.

Иштин материалдарына ылайык, окуя 2016-жылкы президенттик шайлоо алдында болгон.

Трамп өзү Дэниелс менен жыныстык катнашта болгонун танып келет. Ишти "саясий куугунтук", "шайлоого кийлигишүү" деп сыпаттаган. Экс-президент 2024-жылкы шайлоодо ат салышуу ниетин билдирген. Айып тагуу анын шайлоо кампаниясына тоскоол боло албайт. Демократтар иштин саясий боегу бар деген дооматтарды четке кагууда.

Трамптын тарапташтары тынч демонстрация өткөрөрүн айтышууда. Шаарда коопсуздук чаралары күчөтүлдү. "Ак үй" коопсуздук чаралары боюнча маселени талкуулоодон баш тартты, бирок өкмөт "баарына даяр" экенин билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG