Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:30

АКШ Украинага 2,6 миллиард долларлык аскердик жардам берилерин билдирди


NASAMS зениттик-ракеталык комплекси.
NASAMS зениттик-ракеталык комплекси.

Америка Кошмо Штаттары Украинага 2,6 млрд. долларлык жаңы аскердик жардам берилерин билдирди. Бул тууралуу маалымат АКШнын Коргоо министрлигинин сайтына жарыяланды.

Жаңы жардам топтомуна HIMARS системалары үчүн ок-дарылар, Patriot абадан коргонуу системасы, артиллериялык снаряддар, 400 гранатомет, оор жабдууларды, күйүүчү май ташуу үчүн унаалар, транспорт каражаттары жана техникалык кызмат көрсөтүүгө 500 млн. доллар кирери белгиленген.

Каражаттын негизги бөлүгү, 2,1 млрд. доллары орто аралыктагы абадан коргонуучу NASAMS зениттик-ракеталык комплекси үчүн ок-дарыларды сатып алууга, 10 мобилдик ракеталык комплекси, абадан байкоо жүргүзгөн радарлар, Javelin танктарга каршы системаларына, ок-дарыга бөлүнөт. Бул жардам Украинанын коопсуздугун коргоо демилгесинин (USAI) алкагында берилүүдө.

"АКШ Украинанын керектөөлөрүн камсыз кылуу үчүн өзүнүн өнөктөштөрү менен кызматташууну улантат", - деп жазылган билдирүүдө.

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба НАТОнун Брюсселдеги штаб-үйүндө АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолугушуунун алдында Кошмо Штаттары берген жардамды жогору баалай турганын айткан. Блинкен Украинага берилген курал-жарактар жана жабдуулар коргонуу максатында колдонуларын белгилеген.

Орусия Батыш өлкөлөрүнүн Украинага көрсөткөн жардамы боюнча бир нече жолу комментарий берген. Алардын пикири боюнча, Украинага курал жеткирүү менен НАТО “от менен ойноп жатат” жана мындай мыйзамдардын кабыл алынышы “тескери таасирин тийгизет”.

Орусия Украинага курал-жарак жеткирип жаткандыктан, АКШ баш болгон бир катар өлкөлөргө мындай аракеттерди айыптаган нота жөнөткөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG